www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөн жана эмгек стажы жок жарандар пенсия ала албайт. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Соцфонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, Социалдык фондго төгүм которбой туруп пенсия дайындоону сураган жарандар кайрылууда.

«Соцфонд деген сөздү укканда дароо стаж тууралуу ойлонуш керек. Стажы жок жаран Социалдык фонддон пенсия ала албайт», — деди Мукамбетов.

Ал тургай эмгек стажы жок «баатыр энелер» да пенсия берүү өтүнүчү менен кайрылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, көп балалуу болуу өз алдынча пенсия дайындоого негиз болбойт.

Ошол эле учурда жаран Социалдык фондго кеминде бир жыл камсыздандыруу төгүмүн төлөгөн болсо, мыйзамда каралган айрым мезгилдер, анын ичинде бала багуу жана окуу мезгили камсыздандыруу стажына кошулушу мүмкүн экенин түшүндүрдү.

Мукамбетов жарандар пенсияга чыгуу үчүн алдын ала камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп, өзүнүн стажын камсыз кылышы керектигин эскертти.

 

Последние новости