www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кыргыз-Кытай товардык көргөзмөсү-2026 ачылды

Бишкекте бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз-Кытай (Синьцзян) товардык көргөзмөсү-2026 расмий ачылды. Иш-чарага Кытайдан 100дөн ашуун компаниянын өкүлдөрү катышууда.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин, мамлекеттик органдардын, ишкердик бирикмелердин жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулган.

Иш-чарада кытайлык компаниялар курулуш жана курулуш материалдары, өнөр жай жабдуулары жана технологиялар, энергетика, тоо-кен, айыл чарба, текстиль жана жеңил өнөр жай, логистика жана транспорт сыяктуу тармактардагы продукцияларын тааныштырып жатышат.

Көргөзмө кыргызстандык ишкерлерге кытайлык өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр менен түз байланыш түзүүгө, B2B жолугушууларды өткөрүүгө, жаңы технологиялар жана жабдуулар менен таанышууга, ошондой эле инвестициялык жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.

Көргөзмө 13-сентябрга чейин уланат. Ага бардык каалоочулар акысыз катыша алышат.

📍 Дареги: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 97, КМДТжСАнын манежи
📅 Мөөнөтү: 10–13-сентябрь, 2026-жыл
🎟 Кирүү акысыз

Последние новости