www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 26-апрель күнү саат болжол менен 10:00 чамасында Баткен РИИБне Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын тургуну 45 жаштагы К.А. өзүнүн жубайы 44 жаштагы Э.Г.ны бычак менен сайып өлтүрүп, андан соң өзүнө-өзү кол салып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Бул маалымат Баткен РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге Баткен РИИБдин ыкчам-тергөө тобу, ошондой эле Баткен ОИИБ жана РИИБ жетекчилиги барып, жеринде кароо жүргүзгөн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 26-апрелине караган түнү, Чоң-Кара айылынын тургуну К.А. белгисиз себептерден улам, балдары уктап жаткан учурда, убактылуу жашоочу жайдагы уктоочу бөлмөдө жубайына ашкана бычагы менен бир нече жолу сайган. Натыйжада аял киши окуя болгон жерде каза болгон. Андан соң К.А. үйүнүн короосундагы өрүк бакка мал байлоочу жип менен өзүн-өзү асып, каза болгон.
Окуя болгон жерден далил катары ашкана бычагы жана жип алынган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.