www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш дүйнөсү акыркы жылдары “санкциялар менен тарбиялоо” саясатын колго алып, Россияны экономикалык басым аркылуу тизгиндейбиз деп ойлогон. Бирок азыр бул курал өз ээлерине каршы иштей баштады. Financial Times жазгандай, АКШнын Россиянын мунай компанияларына салган жаңы санкциялары Вашингтонго тескери натыйжа бериши ыктымал экени айтылууда. Себеби мунайдын баасы көтөрүлсө, Москва жоготууларын кайра эле ошол кымбат баанын эсебинен толуктайт.

Бул тууралуу мунай тармагынын адиси Амос Хохштейн: “Баа өтө көтөрүлсө, Россия утат, америкалыктар менен союздаштары утулат”, - деп билдирди. Демек, Батыш өз санкцияларынын капканына өзү түшүп жатат. Мунун айкын далили катары АКШнын күйүүчү майдын баасын ооздуктоонун амалын издеп жатканын айтсак болот. Анткени инфляция Трамптын администрациясына саясий тобокелдик жаратышы мүмкүн. Натыйжада, Вашингтон санкциялык басым менен реалдуу экономикалык туруктуулуктун ортосунда тең салмак таба албай турат.

Ошол эле маалда дүйнөдө согуш менен тынчтыктын ортосундагы чоң оюн жүрүүдө. Муну Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен Тышкы иштер министри Петер Сийярто ачык айтып жатышат. Бул туурасында: “Европанын өзү Украина жаңжалын тутантууда, анткени Вашингтонго жагуу үчүн алар тынчтыкты эмес, согушту узартууга кызыкдар. Эгер Батыш биримдиктүү болгондо, Трамп тынчтыкты эбак орнотмок”, - дейт Орбан. Бул сөздөр бүгүнкү Европанын ички бөлүнүүсүн айкын чагылдырат. Ал эми реалдуу фактор болсо, эгер Европа чындап тынчтыкты кааласа, Россия менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр болушу керектигин талап кылууда. 

Владимир Путин да дипломатиялык өңүттөн иш алып барып, АКШ менен жолугушууну Будапештке пландап жатканын билдирүүдө. Бирок Батыш муну шектүү карап, ал түгүл өз аймагынан Путиндин учагынын өтүшүнөн коркуп жатат. Бул абал Батыштын күчүн эмес, анын ишенимсиздигин жана коркуусун көрсөтүп турат десек жарашат.

Акыркы окуялар көрсөткөндөй, дүйнөлүк саясат жаңы чекке келип жетти. Санкциялар – моралдык эмес, саясий оюндун куралына айланды. Бирок бул оюнда оомат Батыш эмес, өзүнө ишенген, экономикасын кайра калыбына келтирген Россияга оочудай болуп таасир берүүдө.

Себеби, Россиянын санкцияга туруштук берүү жөндөмү жөн гана экономикалык кубаттуулуктун белгиси гана эмес, мамлекеттик эрктин, улуттук кызыкчылыктын жана стратегиялык сабырдын натыйжасы. Батыш муну түшүнбөй, өзүн-өзү экономикалык чеңгелге салып, геосаясий оюнда уттурганы турат.

Последние новости