www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоодо жаңы ыкмаларды колдонуу максатында жогорку технологиялар тармагындагы адистерди кызматка чакырууда.

Маалыматка караганда, кызматка инженер-программисттер, системалык аналитиктер, киберкоопсуздук адистери, криптографтар, авиаконструкторлор, киберпсихологдор жана көп тил билген адистер талап кылынат.

Кадрларды ишке алууда 30 жашка чейинки, жогорку билими бар, чет өлкөдө окуган жана эки-үч тил билген адистерге артыкчылык берилери белгиленген. Талапкерлер үчүн негизги шарттар төмөнкүдөй:

жаш курагы 30 жашка чейин;

жогорку билими жана эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

физикалык жана психикалык жактан дени сактыгы;

соттолбогондугу.

Атайын кызмат белгилегендей, бул жумуш мекен алдындагы милдет гана эмес, улуттук коопсуздукту камсыздоочу инновациялык долбоорлордо иштөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Кызыккан жарандар кошумча маалыматты УКМКнын 0999 012 012 номери аркылуу ала алышат.

Последние новости