www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карт тарыхтын барактарында эзели кыргыз элинде гей-лесбиянка деген түшүнүк болгон эмес. Кыргыздын жигиттери ат жалында, кылыч мизинде ойноп, өз элин сырттан басып алууну көздөгөн душмандардан коргогон. Мыкты уул, мыкты ата болушкан. Кыргыздын кымча бел кыздары өз наркы менен баркын сактап, үй-тиричиликтерин мыкты жасап, ыймандуу кыз, мээримдүү эне болушкан. Бул тууралуу маалыматты Чалкан сайты жазып чыкты. 

Мына ушундай кылымдардан бери бузулбай келе жаткан нарк-насилибизди, баалуулуктарыбызды акыркы бир нече жылдардан бери карай Батыштан келген гранттар үчүн иштеген бейөкмөтчүлөр талкалай турган болушту. Жакында эле март айында борбор калаабызда гей-лесбиянкалардын жөө жүрүшү да болгонун билебиз. Аны батыштын саясатын жүргүзгөн саясатчылар жана айрым бейөкмөтчүлөр да колдоп чыгышкан.

Ошондон улам кыргыздын намыстуу уул-кыздары гей-лесбиянкалардын коомчулукка ачык чыгуусуна тыюу салуу керек экенин айтып чыга башташты. Мисалы, «Жаран жана жарандык бирикмелердин бүткүл дүйнөлүк лигасы» уюмунун өкүлү Тилек Усупов борбор калаада өткөн маалымат жыйынында ушундай пикирин айтты. Ал мына ушундай жөө жүрүштөрдү уюштургандарды жоопкерчиликке тартууну сунуштап чыкты.

Албетте, мындай жосунсуз жоруктарга чектөө киргизбесе, анда ал дагы-да тамырлап кетери турган иш. Андыктан Тилек Усуповдун сунушуна кыргызстандыктардын 99%ы кошуларына ишене берсек болот. Бирок, баягы эле бейөкмөтчү Төлөйкан Исмаилова «Конституция – башкы мыйзам, анда бардык адамдар мыйзам алдында бирдей, бардык жарандардын укугу жана эркиндиги өлкөбүздө корголот. Биздин өлкө 2018-жылы БУУнун Комитетинин алдында расалык жана бардык түр боюнча дискриминацияга каршы отчет берген», — деп чыкты. Анан дагы мындай чектөөлөргө Башкы прокуратура көңүл бурушу керек дейт.

Эске сала кетсек, ушул эле Төлөйкан Исмаилова убагында сепаратист Кадыржан Батыровдун да укугун коргоп жүргөнү белгилүү. Болбосо, ал өлкөбүздүн бүтүндүгүнө шек келтирип, ынтымакта жашап аткан эки элдин ортосуна от жаккан. Эми минтип гей-лесбиянкалардын укугун коргоп атат. Ошондон улам бул Т. Исмаилова акча үчүн мекенин да, элин да, айтор баарын сатып жибергенге даяр окшойт деп калдык, деп кошумчалаган аталган сайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости