www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Жогорку Кеңештин депутаты, биздин коллега Искендер Матраимов, атасынын жаркын элесине арналган спорттук иш-чарасына күбө болуудабыз. Ошону менен катар согуштун ардагерлерин сыйлоо аземи да болуп өттү. Ушунун баарын ыйык рамазан айынын алдында өткөзүп атканы да жүйөлүү катары түшүндүм. Спорттук иш-чара демекчи, бир жерде балбандар күч сынашып атса, топ чапкычтар бир жерде. Нарыраак жерде интеллектуалдык оюндардын таймашы. Бул жерге ЖКнын спикери Дастан Жумабеков баш болгон парламенттеги баардык фракциянын депутаттары болушту. Бул кадыресе эле көрүнүш. Парламент депутаттарынан тышкары вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев да келди. Ардагерлерди сыйлоо аземин улай мини-футбол боюнча финалдык чоң мелдешке күбө болдум. Өзбекстандан волейбол оюну боюнча аябай күчтүү команда келген экен. Анча-мынча биздин ортозаар командаларыбызды утуп атканын байкадым. Кантсе да кайсы бир жылдары эки элдин ажырымы ушундай иш-чаралар менен кайрадан калыбына келип, ынтымакташып аткандары жүрөктү жылытты.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ, “Азия Ньюс” гезити