www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Мен дагы көпчүлүктүн катары менен чакырылгандыктан бардым. Бир четинен жердешим, экинчиден, айылда Исмаил деген атабыз болгон. Мына ушу кишинин уулдары жыл сайын спорттук чоң эскерүү турнирин өткөрүп келет. Бул биринчи эле жыл эмес, көп болуп калды. Жылдан-жылга кулачын жайып, кеңейип, деңгээли да ого бетер көтөрүлүүдө. Өзгөчө волейбол боюнча мелдешине атайын Өзбекстандын Анжиян облусунун курама командасы келгенин угуп калдым. Демек, республикалык эле эмес, эл аралык болуп калып атат. Майрамдык иш-чарага 20 миңдей эл келип, Исмаил атабыздын уулдары тартуулаган даамдан сызып, баталарын берип атышат. 1-май майрамдык маанай жакшы. Мени зээнимди кейиткени – сөзсүз түрдө алгылыктуу иш-чара өтүп атканда “мыкты өтүп атат” деп айткандын ордуна, кемчилик издеп, ушак-айың сөздөрдү таркатып жиберишет. Биз жакшыны баалаганды качан үйрөнөбүз? Билбейм. Кээде жакшы менен жаманды так ажырата албаганыбыздан алдыга жылбай атабыз да. Мисалы, бүгүнкү иш-чара келген элдин баарына жагып, жыргап атышканын көрдүм. Улуулар “Кыргызстаныбыз өсүп-өнсүн, элде тынччылык болсун. Дыйкандарыбыз байысын, биримдик болсун, журтубуз бакубатчылыкта жашасын!” деп өз баталарын берип, алкап атышты. Мунун эмнеси жаман? Тескерисинче, мындан өткөн жакшы нерсе жок. Мындай жигиттер Кыргызстанда көп болсун, ар бир облуста, ар бир райондо, керек болсо ар бир айылда демекчимин.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ, “Азия Ньюс” гезити