www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Белгилүү коомдук-саясий ишмер Феликс Кулов мурунку президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсүнө шарт түзүп берүү демилгесин көтөрүп чыкты. Сиздин оюңузча, революциялык жол менен тактан түшүрүлгөн Аскар Акаевдин кыргыз жергесине кайтып келүүгө моралдык укугу барбы?

--Кулов кошомат кылып жатат, же акча алып анын кызыкчылыгын коргоп саясый чайкоочулук кылып жатат. Андай кылалы десек Кыргызстанды талап, тоноп, кендерин казып, сатып, качып кетип эле, элди унуткарып кайра келишип, кайра депутат, министр боло берсе болобу? Эл калыс, адилет болуш керек!!! Кыргызстанда 100 -200 саясатчы бар Кыргызстандын түбүнө жеткен. Ошолор өпөң - чычаң ойноп эле келетат 30 жылдан бери. Бирде бийликте, бирде оппозицияда, булардын бирөө келсе эле биригип, кайра бийликке келишет. Кулов, Акаев да ошолордун бирөөсү. Кыргыз элинин эки ыңкылапта кетирген чоң катасы ажолорду качырып жибергендиги болду. Буларды качырбай камап, кустуруп, байлыгын бүт элге бергенде кайталанбайт эле. Качып кетип уурдаган акчасына завод салып, вилла алып чет элде жыргап жашап жатышат. Мындайлар кайталана берсе, ар бир келген ажо келгенде эле чет өлкөгө өзүнө жер даярдап ичип жеп, чет өлкөгө даярдаган жерине качып кетип жыргап жашай берет. Бир дагы ажодо качып кетип, чет элде жыргап жашай берсе болот экен деген ой болбошу керек. Дүйнөнүн кайсы жеринде болсо да алып келип соттоп кустуруш керек. Керек болсо КИЛЛЕР жалдап аттырыш керек. Ошондо элден коркуп, таза, эл үчүн иштейт. Антпесек, бир бийликте качып кетип, экинчи бийликте келип депутат, министр болуп жүрө беришет, ичкен жегенден коркпойт. Бир бийликте жейт, бири бийликте кутулат, акталат! Бул дагы 100 жыл кайталана берет!, деген Бейшен Абдрасаков "Майдан. kg” гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости