www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, өзөн барбы кыргыз аты кечпеген, өрөөн барбы кыргыз сөөгү жатпаган", - деген ылакапка айланган саптардын башы. Көбүнчө кыргыздын чабылып чачылгандан кийин дүйнө кезип кеткен тагдырын сүрөттөө үчүн колдонулат.
Асыкбек Оморов - иликтөөчү: Жалпы Евроазия аймагындагы мамлекеттерге барып биздин ата бабаларыбыздын издери калган жерлерди иликтеп, алар тууралуу маалымат чогултууну максат кылганбыз.
Бул жерде олтурган Кадыралы Конкобаев болуп мурдагы жылы Венгрияга бардык. Кыргыздар менен, кыпчактар менен гунндардын кошулушун мажарлар дейт. Аларда тарыхка, идеологияга көңүл буруу абдан күчтүү. Буддапешттен 250 километрде Лугац районунда 10 га жерди улуттук музей кылып талаада эле куруп таштаган.
Диаметри 50 метрлик музей куруп, узундугу 87 метрлик мына мобу сүрөттү төбөсүнө тартып салган (камерага көрсөтөт). Бул сүрөт Алтайдагы мурунку ата-бабалар жашаган жерлердеги турмуш макет менен кошо аралаштырып жасаган сүрөт болуп эсептелет.
Чыгыш тарапта Читадан 680 км Забайкалье деген шаар бар. Ошондон 250 км Манчжуриянын түндүгүндө Кокуй деген кыргыздардын сөөгү жаткан комплекс бар. 12 миң коргон, мүрзө. Кыргыз киши өлгөндө "Кокуй!" - дейтко. Коштошкондо "Кош!" - дейт. Мында Кокуй деп да кош деп да жазылып турат (картаны көрсөтөт). Иркутскинин түндүгүндө хан кыргыздары, анан хатын кыргыздары дегендер бар экен. Эмне үчүн хатын кыргыздары деп сурасак, хандын карындашынан тараган кыргыздар хатын кыргыздары аталып калган дешет.
Бизден акылдуу адамдар көп чыгат дейт. Бир эле айылда, Дархат деген айыл экен, 14 илим доктору чыкты дейт. Улан-Уде шаарынын мэри биздин айылдан дейт. Бишкектен куда күттү дейт. Кызын Бишкекке бериптир. Мынакей Кыргыз-Көл (сүрөтүн көрсөтөт). Красноярскинин түндүгүндө 80 км. Көл азыр соолуп жөн эле аккан суу болуп калган.
Тибетке барып келдик. Анын аймагы Кыргызстандан эки жарым эсе чоң. Анда гилгит кыргыздары бар. 5 миңдин тегерегиндеги кыргыздардын 5 жарым миллион кою бар. Бизге келип кошулганга аябай ынтызаар. Силер уруксат, коридор эле алып берсеңер биз өзүбүз эле көчүп барат элек дейт. Ал жердеги 4-5 миң метр бийиктикте жашагандан көрө Ат-Башынын Арпасына алып келсе курортко түшкөндөй эле болуп калат да.
Кытай боюнча 22 өлкө, 6 автономиялуу район, бир республика СУАР эсептелинет. Ошолордун ичинен эң эле мүнөздүү, колориттүүсү далай лама жашаган Тибет Занзу өлкөсү. Борбору Латун шаары, эки капчыгай ортосунда, узундугу 80 км, 50 миң киши жашайт экен.
Тибет-Занзу ооруканасы бар экен. Тамыр кармап ооруну аныктайт. Жаши Зансу деген киши (сүрөтүн көрсөтөт), өзү кыргызча сүйлөйт экен. "Жүрөк ооруйт", "бөйрөк ооруйт", "өпкөӊ ооруйт" деп кыргызча сүйлөп турат. Тибет дарысы менен рецепт жазып берет да, ошону Тибет чөбү менен дарылайт.
Тибет медицинасын 30 жыл окушат экен. Кытайда Тибет дарысы деп сатып жүргөндөр аферисттер дейт. Жолдо баратканда аттар Арак-Булак, Жийде-Булак, Кара-Булак деп кыргызча коюлган. Кара-Булак ГЭСине 2,5 миллиард кубометр суу батат экен.
Мына бул сүрөттөгү далай ламанын үйү. Анда азыр Жаши-Зансу деген киши жашайт экен. Анын кличкасы тирүүлөрдүн кудайы дейт. Оорусу өтүшүп кеткен кишилерге дары жазып бербейт экен.
Былтыр Кытайды бүт кыдырып чыктык. Бул Сайран көлү. Деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте. Моңгул-Күрө деген районуна барсак, ошонун Шаты деген жеринде 2200 жыл мурун кыргыздын каганына турмушка чыккан кытайдын Лили деген кызынын эстелиги коюлган.
Жайлоодо. Бул Манас секиси, бул Манас шаары, Манас музейи, үч кабат (баарынын сүрөтүн көрсөтөт).
1040-жылы селжуктар, алар түрктөр, кыргыздарга кайрылган жардам сурап каапырларга каршы согушабыз деп. Кыргыздан 3,5 миң киши өз аты, курал-жарагы менен барып, бирөө тирүү кайрылбай өлгөн. Ошолорго арнап 1231-жылы Осмондун баласы тургузган күмбөздүн сүрөтү бул.
Азыр биз кыргыздын 40 уруусунун параллелдерин аныктап жатабыз. Алар аябай көп экен башка элдерде.
Бейшенбек Бекешов: Азыр дүйнө кезип жүргөн кыргыз көп. Кайсы гана өлкөдө кыргыз жок. Бирок сизге окшоп кыргыздын изин издеген киши алдардын ичинде жокко эсе.
Кадыралы Коңкобаев - профессор: Жер кыдыруу деген азап. Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны деген сөз бар. Асыкем барган жерлердин көпчүлүгүн акыркы 20-30 жыл ичинде мен да барып көргөмүн. Менде да сүрөттөрү бар.
Кыргыз таануу илиминде проблемалар аябай кеп. Асыкем айткан фактылардын көбү өтө маанилүү. Бирок акыркы кезде балан жерде кыргыз бар экен, түлөн жерде кыргыз бар экен деген өз демилгелүү билдирүүлөр көбөйдү.
Айрымдар нурдан тараган жалгыз эл кыргыз экен, башкалар кыргыздан тараптыр деп да айтып чыгып жатышат. Дайыны жок жана ашыкча мактануу дайыма эле жакшылыкка алып келбейт. Асыкемдин кырк уруу кыргыздын санжырасын жазып коюу ишин колдойм.
Төрөкан аксакалдын сүрөтүн көрсөтүп жатпайбы. Мен Төрөкан аксакал менен эки-үч жолу барып сүйлөштүм. Ал кишиге бул китептер кайдан жетип калды деп да сураштырып көрдүм.
Илгери Шабдан баатырдын медресесинде чоң китепканасы болгон экен. Орустун оторчулук саясатынанбы, же кийинки Совет бийлиги орноп жаткан убактабы, ошол китепкананы сактап калалы деп атка жүктөп Кытай тарапка качырышкан экен. Жолдо китепти алып бараткандардын бирине ок тийип каза болуп, бир ат китеп жеткен.
Кийин Кытайда маданий революция дегендин учурунда көп китептерди өрттөшкөн. Ошондон Төрөкан аксакалдар таштарга катып бекитип сактап калган китептер бар дейт. Азыркы кыргыз санжырасы 25-30 муун гана адамды камтыйт. Төрөкан аксакалдын санжырасында 93 муун кыргыздын санжырасы бар. Болжол менен 1,5 миң жылга жетет ошол. Биздин санжырачылардыкы болсо 400, ашып кетсе 500 жылга жетет, андан ары жок.
Кыргызды кыйын болгон деп көтөрө чалгандын кереги жок. Кыргыздын тарыхын түшүнүү үчүн биздин тарыхый Алтай деген доорду көз алдыбызга элестетишибиз керек. Мына ошол тарыхый Алтай жана бүгүнкү кыргыздардын тарыхы - бул эки доор болуп эсептелет. Бүгүнкү кыргыздардын тарыхы 1000 жылдын ары жак-бери жагын түзөт.
Тарыхый Алтай болсо 4-5 миллион квадрат километрди ээлеген, азыр ал 4 мамлекеттин курамында. Эң чоңу Монголияда, анан Россияда, Казакстанда жана Кытайда, Синцзяндын үстү жактары бүт тарыхый Алтай эле. Ушул аймак 2-3 миң жылдар аралыгындагы биздин тарыхый ата журтубуз.
Ал эми бүгүнкү кыргыздар жашаган айман 400-500 миң чарчы километрди түзсө, ал азыр ар кайсы мамлекеттердин курамына кирип бөлүнүп калды. Дүйнөдө 5 миллион 600-700 миңдей кыргыз бар. Ошонун ичинен 3 миллион 800 миңдей кыргыз Кыргызстанда.
Кыргыздын этностук тарыхы, кыргыздын маданият тарыхы, кыргыздын мамлекеттик тарыхы деген чоң-чоң маселелер бүгүн кыргыз таануу илиминде актай барак бойдон калып жатат.
Дагы бир айта кетчү нерсе. Чөйчөктөгү кыргыздардан 1993-жылдан бери Эрбол деген жигит Кыргызстанда жашайт, иштеп жүрөт азыр. Мындан 7-8 жыл мурда Ич Кытайдан бир байбиче келиптир. 80 жаштардан ашып калган. Неберелерин, бала-чакасын ээрчите келиптир. Көрсө ал Ысык-Көлдук кыргыз экен. Үркүндө кандайдыр бир жол менен Ич Кытайга барып, ошол жерге турмушка чыгып жашап калат.
Жердин атын унтуп калдым. Аны Эрбол Так айтып берет. Азыр ошол эжеден тараган тукум Кытайдын бир айлынын бир көчөсүн түзөт экен. Баары тең кыргызча сүйлөшет экен. Ошол кытайлардын баары үйүндө кыргызча сүйлөшөт экен. Эне тилдин эмне экенин мен ушундан дагы бир ирет билдим.
Кусейин Исаев - профессор: Чыгыш элдерине каршы көрсөтүүлөрдүн жортуулун уюштурган Батыш элдери көчмөндөрдүн эч бир жакшылыгын көрө алган эмес. Алардын аймагы улам тарып, чек аралар өзгөргөн.
Орустар бирдиктүү мамлекетке жетишкенден кийин, мындан 400-500 жыл илгери Волгадан, Уралдан өтүп Сибирге кол салган. Ермактын жортуулдары менен түрк элдерине чоң сокку урулган болчу. Кайың барбы кыргыз балта чаппаган дегенде, тарыхты бир нече доорлорго бөлүп карашыбыз керек. Азыркы Сирия мамлекети жайгашкан аймакта шумер цивили деген цивилизация болгон. Ал түрк элдериники болгон.
Эми Кытайдын Тибетинде жашагандар да байыркы кыргыздар экени билинип жатат. Мындан 150 жыл илгери чыккан бир китептен цитата окуп берейин. “Евразия мейкиндиги деген Карпаттан тартып кытай сепилине чейинки улуу талаа, байыркы түрктөрдүн, байыркы кыргыздардын жери. Анын түштүгү Ооганстан, Иран, түндүгүн болсо Сибирдин чытырман токойлорун кучагына алган. Бул талааны гректер Скифия деп атаган, перстep Typaн, кытайлар Түндүк варварлар деп аташкан".
Кенжалы Сарымсаков - журналист: Илгери Түгөлбай Сыдыкбековдон укканым бар, ал жазылып да калган. Москвада бир түрколог досум бар эле дейт. Москвага барганда мейманканага жатпай ошонукуна жатат элем дейт.
Бир жолу аны Рашидов (ошондогу Өзбекстандын жетекчиси) самолëт жиберип Ташкенге алдырып, жума бою конок кылып, кооз жерлерин көрсөтүп аябай сыйлап, анан акырында айткан экен, бир өтүнүчүм бар деп. Түрк тилинин теги, башаты өзбек тили деген макала жазып бериңиз дептир.
Ал болсо башка сурооңуз болсо аткарайын, муну болсо жасай албайм, буга дитим да барбайт, уятым да жетпейт. Себеби, түрк тилинин башаты кыргыз тили деп жооп берет. Силер өз тилиңердин кадырын биле элексиңер дейт Түгөлбайга.
Мындай тарыхый фактыларды жаш-кары дебей баарыбыз билишибиз керек. Кыргыз экенибизге сыймыктанып жашашыбыз керек. Мен азыр шаардан чыгып, тоо тараптагы Орок деген айылда жашап жатам. Мурдатан катышып жүргөн эки жолдошум бар эле ошол айылда.
Аларга айттым кыргыздын тарыхына, наркына кызыккан адамдар барбы айылда. Чогултпайсыңарбы. Маектешип туралы десем, андайлар анча көп эмес, бирок тапсак болот дешти.
Ошентип ошол чблкбмдбгү эки-үч айылдын аксакалдары айыл өкмөтү берген бир бөлмөдө убак-убагы менен чогулуп, ар кандай маектерди, талкууларды жасап жүрөбүз. Аларга ушул Асыкбек Оморовду да алып барып жолугуштурдум.
Биз канчалык чоң кызматтарда жүрдүк, эл ишин жасап жүрдүк, бирок мындагылардын бирин да буга чейин билбейт элек дешет баары. Демек, кыргыз таануу азыр жаштарга эле эмес, карыларга да керек экен.
Бейшенбек Бекешов, журналист
Булак: NazarNews.kg