www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейшенбек Бекешов:

Элди ар кандай кырдаалда жүйөөлүү, акыйкат сөздү - сөз атасын айта билген, айрыкча элдин, көпчүлүктүн сөзүн сүйлөй билген адамдар башкарган. Аларды караңгыдан көз табат, капилетен сөз табат деп кадырлашкан.

Калканбай Ашымбаев - Кыргыз эл жазуучусу: Башка элдер урук-тукумуна ар кандай материалдык байлык калтырса, биздин ата-бабаларыбыз бизге мураска сөздү калтырган экен улуу "Манас" баш болгон. Ошол биздин эч убакта түгөнбөгөн кенчибиз. Кыргыз сөздү бардык өнөрдүн олуясы деген, көздүн карегиндей сактаган.

Сөздүн жакшысы ырыс, жаманы уруш. Жаманды деле жаман деп айтыш керек да дегендер бар. Жоок. Жаманды үйүнө алып барсаң үйүндөгү асыл ойлордун жармын жеп коёт. Элге алып барсаң элди кыжынтып экиге бөлүп таштайт.

Эл арасындагы асыл ойлорду иритип таштайт. Ошол себептен, жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт дегендей кылып, жаманчылыкты күмүштүн буусуна буулап айта жүргөн дурус деген экен акылман.

Демек, кыргыз болгон соң оозунан жаман сөз чыкпасын, жаманчылыкты айтып келбе элге, үйүңө. Жаман нерсе уккан жерде унутулсун, көргөн жерде көмүлсүн деп келген биздин ата-бабаларыбыз.

Сөз кудурети жаш муунга жетсин деп кыргыз ымыркайынан баланы сөзгө баарлаштыруунун камын жеген. Ал турсун боюнда бар келинди да курсагындагы бала угат деп үйгө чакыртылып келген сөзмөрдүн, акындын өнөрүн уксун деп ошол жерге олтургузуп койгон.

Жумурткасына сайрап берген булбул сыяктуу. Кыргыз ушинтип жаратылыштан сабак алып элин тарбиялап келген. Сансыз бешик ырлары болгон. Ошону менен тарбияланган балдар нарктуу, салттуу, сөзмөр, кайрымдуу жана адилет болгон. Ошондойлорду анан көч башы кылып шайлаган. Садыр акенин 5-6 баласы болгон экен.

Ошонун бирин эл башчы кылып алалы десе Садыр аке өзү: - Жок, ал башчы боло албайт, өз оокатын жасаганга кудурети бар, бирок элдин жүгүн көтөрө албайт, - деп болбой коюптур. Элди ыйманына чаң жугузбаган, абийирине камчы салдырбаган, намыс алдырбаган, элдин көңүлүн калтырбаган, кең пейил, ой чалкар адамдар башкарган.

Өзүндө болгон касиетти бүт адамдарга чачыратып турган адамдар болгон. Көмүскө жүрүп көпчүлүккө көнө кеткен, жабык журуп жаамы журтка жарыгын чачкан адамдар болгон. Сен бирөөгө жасаган жакшылыгыңды жашыр, ал эми бирөөнүкүн болсо ашыр дейт.

Курманбек Абакиров - профессор: 1862-жылы Кыргызстанга келген Радлов, теги немис, кыргыз менен казактын сөзмөрлүгүн айрыкча баалаган. Кыргыздар ыргагы менен жеңил сүйлөйт, сөздү уга да билет, сөзгө баа бере да билет деп жазат.

Жакшы сөздү өзү айтса да, башка бирөө айтса да ошондон ыракат ала билет дейт. Азыр муну менен биз мактана албай калдык. Айрыкча эл башкаруучулардын сөз кадырлоосуна келгенде. Өнөр алды кызыл тил дейт кыргыз. Жигиттин сөзү өлгүчө өзү өлсүн дейт.

Сөздүн кадырын кетирип жаткандар айрыкча жетекчилер деп ойлойм. Таптакыр сүйлөй албаган, тил өнөрүнөн куру жалак калган жетекчилер бар. Койгулаштырып сүйлөй берген, бирок сөзү менен иши дал келбеген жетекчилер да толтура. Куру чечен.

Токтобай Мүлкүбатов - Жазуучу: Баатырдык доордо тайманбас эр, баатырларды эл башкарткан. Бирок алар жанына сөзмөр, чечен, акылман адамдарды алып, ишин ошолор аркылуу жүргүзгөн. Сөз баккан адам эл багат деген да макал бар.

Бейшенбек Бекешов: Токтобай абанын кичи Мекени Токтогулга илгери бир райком, азыркынын акими жаңы ишке келет. Ошол жерде чоңколор деген эл бар. Келген кишини эле шакабалап, шылдыңдап сөзгө жыгып, ылакап кылып кетиришет.

Анан алар жаңы райкомду да ошентип, өз ара бүлкүлдөп күлө беришет. Атчан жер кыдырып келаткан болушат. Жанында бир топ атка минерлери, башкармалар, бригадирлер, завфермалар бар.

Анан бир кырга чыгышса ошол жерде бир чөмөлө чөп үйүлүп турган болот. Бул чөптү эмне үчүн кырга үйүп койдуңар деп сурайт райком. Кашарга жакын болгондуктан ошенттик эле деп жооп беришет. Азыр баарылап сайга түшүргүлө дейт райком.

Түшүрүп бүткөн соң, - Эмне жана жакшылап түшүндүрбөйсүңөр, кайра чыгаргыла кырга, - дейт. Тигилер елүп-талып иштеп бүткүчө райком жамбаштап жатып карап олтурат. Акыры иш бүткендө: - Эми жакшылап күлгүлө! - деп коюп бастырып кетет дейт. Сөздү ушинтип кара өзгөйлүк, күч менен жеңген заман келдиби азыр?

Токтобай Мулкубатов: Чоңко деген уруу жок. Бир чоң коодо жашаган саяк уруусунун эле бир бутагы. Сөз тапкычтык, чоңунан кичинесине чейин тапандык кылганы менен аты чыгып калган. Мындай өнөр да жугушат экен.

Ибрагим Байзаков - теолог: Алла-Таала жакшы сөздү жакшы бир даракка салыштырат. Кыяматтын белгиси жаман, илимсиз адамдар бийликке келип, элди адаштырып, өздөрү да адашат деген Пайгамбарыбыз.

Кыяматта ошолордун байлыгы да, бийлиги да аларга жардам бербейт. Илимдүүлөр Кудайдан коркуп, башчыларга туура сөз айтса, башчылар элди туура жолго баштайт. Пайгамбарыбызга келип бир киши сурайт: - Мусулман киши уурулук кылабы? - деп. - Ыйманы алсыз мусулман уурулук кылышы мүмкүн, - дейт Пайгамбар.

- Мусулман киши ойноштук кылабы? - деп сурайт баягы киши. - Ыйманы алсыз киши ойноштук да кылышы мүмкүн, - дейт Пайгамбар.

- Мусулман киши жалган айтабы? - деп сурайт баягы киши дагы. - Пайгамбарыбыз кызарып-татарып: Мусулман киши эч качан жалган - сүйлөбөйт! - деп айтат. Бирок жалган сүйлөөгө үч гана учурда уруксат берилген.

Биринчиси, согушта душманга калп айтууга болот. Экинчиси, эки адам урушуп кетсе экөөнү бириктириш үчүн жалган сүйлөсө болот деген Пайгамбар. Үчүнчүсү, аялын күзгүнү карап туруп: - Мен сулуумунбу? - деп сураса, - Сенден сулуу жок, - деп аялына айтып койсо да болот. Эл башкарууда жалган сүйлөгөн адам жарыбайт.

Курманбек Абакиров: Элден куулган эки бийликтин тең башкы себеби алардын калпычылыгы болгон. Алар элге ушунчалык көп калп айткан. Эл макоо эмес да, элден акылдуу эмне бар?

Катышуучу: Садыр аке орто оокаттуу эле адам болгон. Бирок аны кандай гана эл башылар тыңшап уккан. Жалаң акылы, сөз билги, жең билгилиги менен ошол даражага жеткен. Азыр эми бул салт бузулбадыбы...

Орус, Кытай, Кокон өңдүү жалаң душмандар курчап турган заманда деле кыргыздын эл башылары элден качкан эмес. Себеби алардын дээрлик баарынын сөз баштаган кадыры болгон. Жалган айтып элден чыгып калган эмес.

Калканбай Ашымбаев: Мен акылман сөздөрдү жаштарга жугузайын деп студенттерге барып бекер лекция окуп берип жүрөм. Айла жоктон эми китептен окуй албай калдыңар, оозеки китеп болсун деп ошолорго барып бекер сабак өтөм. Сөз билгендер жаштарга, мектептерге барып, өздөрү суранып айтып берсе деген тилек.

Катышуучу: Падыша элдин пейилине жараша болобу же падышанын жамандыгынан эле эл мукурайбы?

Ибрагим Байзаков: Эл өзү өзгөрбөсө коом эч убакта өзгөрбөйт, - деген Кудай-Таалам. Падыша өзгөрбөсө деп айтылган жок бул жерде. Алгачкы сөздү Алла-Таалам түшүргөн Куран менен. Ошону менен ал элди Бейишке баштап жатат. Эң жакшы адам Куранды билген, аны түшүнгөн, Кудайдын сөзүн билген, аны элге түшүндүрүп берген адам.

Курманбек Абакиров: Эл алдына чыгып ушунчалык кооз, саймедиреп сүйлөгөн адамдар бар. Үйүндө балдары кыргызча билбейт. Сөзү менен иши дал келбеген ошондой кишилер кантип эл баштайт!?

Калканбай Ашымбаев: Сөз билген, чындап сөз кадырына жеткен адамдарды геологдор алтын издегендей кылып эл ичинен издеп табуу керек. Алар бар. Али көп. Таап,

пайдалануу гана керек. Эми батамды берип коеюн:

Башыңарга бак консун, өлкөбүзгө кут орносун. Карыларыбызга каниет консун, жаштарыбыз эл-журттун тирегинде болсун.Мөңгүбүз эрибесин, ырыс-ыйманыбыз кемибесин. Өрүшүбүзгө мал толсун, өндүрүбүзгө дан толсун.

Дене боюбузга ырыс-ыйман консун. Телегейибиз тегиз болсун, ырыскыбыз толкуган деңиз болсун. Ой максатыбыз эгиз болсун. Жаздай гүлдөгүлө, күздей мөмөлөгүлө. Канаттуудай жөжөлөгүлө, балыктай өрдөгүлө.

Айран-сүттөй көлдөгүлө. Абийир-ыймандын сересинде төрлөгүлө. Бак базарында болгула. Ар намыстын мазарына конгула. Бак карасын, Кыдыр даарысын. Оомийин!

Бейшенбек Бекешов: Сөз баштаган эл баштайт деген бул кыргыздын эзелки салты экени, эзелки наркы экени бир ооздон айтылды. Сөздү сөзү менен иши дал келген, караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан акылы зирек акылман гана баштайт. Эл башкарууну, эл баштоону биздин улуу журтубуз дайыма ошолорго ыйгарып келген.

Уучубуз куру эмес. Ошондой жетекчилерибиз деле жок эмес. Жакшыны көп айтсак жакшы келээр көбөйүп. Жаманды көп айтсак жаман келээр көбөйүп. Отуз жылдан бери жалаң жаманды чукудук. Артка эле кетип баратабыз. Жакшынды чыгар, жаманынды кат деген улуу нарк сакталбагандан ушундай болуп жатабы деп да ойлойбуз.

Бейшенбек Бекешов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости