www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки дос "карыз албай, бюджетти өз күчүбүз менен толтуруп жатабыз" деген күпүлдөгөн сөздөрү калп экендигин качан мойнуна алышат?! Мындай пикирин активист Бек Айдин өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Кана "Күмтөрдүн" акчасы?! Элди эптеп убактылуү алдап, айлыктарды жана пенсияларды карыз алып көтөргөнгө көп акылдын деле кереги жок.

Эки дос "карыз албай, бюджетти өз күчүбүз менен толтуруп жатабыз" деген күпүлдөгөн сөздөрү калп экендигин качан мойнуна алышат?!

Көп болсо дагы бир жыл алдайсыңар, андан ары эмне кыласыңар?! Кана 19 тонна алтындын акчасы?! Кана өндүрүш, заводдор?! Анысы аз келгенсип, жерибизди берип жатасыңар, дагы уялбай ал мурун эле өтүп кеткен деп...

"Кыргыз өкмөтү соңку он айда бюджетти колдоо үчүн эл аралык донор уюмдардан 180 млн. доллар алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 24-октябрдагы жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

"Бул сумманы карыз алып, өнүктүрүүгө берип жатабыз", - деди министрдин орун басары.

Бул күнү парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен Азия ѳнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуунун долбоорун талкуулады. ЖК депутаты Адахан Мадумаров карыз алынган менен өлкөдө ири ишканалар салынбай жатканын айтты.

"Ушундай карыздардын бизге кажети барбы деген маселе чыгып жатат. Эки жылдын ичинде канча карыз алдык, кайда жумшадык, кайсы өндүрүш, эмне деген завод пайда болду. Кеп ушундай болуп жатат", - деди Мадумаров.

Буга чейин Каржы министрлигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Нурбек Акжолов Кыргызстан 2021-жылы эл аралык донорлордон жалпысынан 38 миллиарддай сом (447 милион 585 миң 394 доллар) алганын билдирген. Ал Кыргызстанга сырттан акча эки максатта, тактап айтканда, мамлекеттик инвестициялар аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырууга жана бюджетти колдоого келерин белгилеген. Анын айтымында, донорлордон алынган 11,4 млрд. сом бюджетти колдоого жумшалган. Ири долбоорлорго 26,4 млрд. сом сарпталган. Анын 17,9 млрд. сому насыя, 8,5 млрд. сому грант болуп саналат", - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости