www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бекболот агай, өткөн жумада биринчи президент Аскар Акаев Бишкекке келип, УКМКда суракта болду. Ошонун жыйынтыгы боюнча маек куралы. Алгач Кумтөр долбоорунун тагдырына кыскача токтолсоңуз?

- Эске салсак, Кыргызстан эгемендик алганда жакырчылык сазында батып турган. Ошол себептен чет өлкөлөрдөн инвестиция тартуу алдыңкы планга чыккан эле. Андай муктаждыкты түшүнүшкөн ата-бала Айтматовдор канадалык бизнесмен Борис Бирштейн менен инвестиция тууралуу макулдашат.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Москва шаарында эгемен Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исанов менен Бирштейнди жолуктурган. Исанов совет мезгилинде кызматтык тепкичтин баарын басып өткөн иштерман, тажрыйбалуу жетекчи болчу. Ал Бирштейн менен иштешүүгө макул болуп, аны Кыргызстанга чакырып, Аскар Акаевге тааныштырат. Президент өзүнүн ишбилги, мекенчил премьер-министрин толук колдоп берет.

Ошол кезде «Кыргызалтын» мамлекеттик концерни түзүлүп, анын жетекчилигине дасыккан өндүрүшчү, мыкты жетекчи Дастан Сарыгулов дайындалат. «Кыргызалтын» концерни менен канадалык инвесторлор биргелешкен компания түзүшүп, келишимге кол коюшуп, үч жылда кен иштеткен комбинат курулуп, ал 1997-жылы алгачкы продукция өндүргөн. Бирок, 1998-жылы Аскар Акаев жана Дастан Сарыгуловдун ортосунда келишпестик жаралат. Учурдун бийиктигинен карасак, менимче, ошогезде экөөнөн тең жаңылыштык кеткен.

Сарыгулов биргелешкен компанияга салыктан жеңилдиктерди өзүнүн чечими менен берген. Анын жаңылыштыгы – ал жеңилдиктерди өкмөттүн чечими менен бердирсе туура болмок экен. Ал эми президенттин Дастан Сарыгуловдун өзүмбилемдигине ачууланып, аны дароо кызматтан кетиргени да жаңылыштык эле. Анткени агезде алтындын бир унциясы болгону 400 доллардын айланасында болгон, биргелешкен компания чыгым менен иштеп калмак.

- Ошондо президент мырза Дастан Сарыгуловду кызматтан кетирбегенде кандай болот эле?

- Кумтөр долбоорунун тагдыры башкача уланмак. Ишенимдүү айтсак болот, 2003-жылдагы жаңы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын толук коргомок.

- Ал келишимге да токтололу…

- Ал жылы «Кыргызалтын» концернинин жетекчилиги канадалык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзүп, «Центерра» компаниясын түзүүнү пландашат. Концерн өкмөткө сунуш киргизет. Өкмөт жаңы келишимдин жол-жобо, шарттарын иштеп чыгуу үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзөт.

Анын курамына концерндин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү кирет. Комиссия иштеп чыккан келишимдин долбоору Дүйнөлүк банк (ВБ) жана Эл аралык валюта фондуна (МВФ) экспертизага жөнөтүлгөн. Бул эки уюмдун эксперттери оң корутунду беришкен. Мына ушул процедуралардан кийин өкмөт 2003-жылдагы келишимди бекиткен.

- Ошончо иштеп чыгуу, экспертизадан өткөндөн кийин ал келишим эмне себептен Кыргызстандын кызыкчылыгын толук колдобой калган?

- Ал жакында билинди. Адистердин баасында «Центерра» компаниясына «Кыргызалтын» концернинен башка акционер болушкан Монголия, Түркия, АКШда алтын кендери бар компаниялардын активдери болжолу беш пайызга кымбат көрсөтүлгөн. Албетте, бул катачылык. Себеби кыргыз тарап 0,1 пайыз да утулбаш керек эле. Беш инстанция (концерн, мамкомиссия, ДБ, МВФ, өкмөт) кетирген катачылыкка көзү жетип, ынанган Аскар Акаев өткөн келишинде ошогездеги өлкө башчысы катары өзүнүн моралдык күнөөсүн мойнуна алып, кыргыз элинен кечирим сураганы жалпыга маалым.

- Кийинки келишим 2009-жылы болду да?

- Эгер 2003-жылдагы келишимде катачылык орун алса, анда 2009-жылдагы жаңы келишимди «кыргыз элине накта чыккынчылык» деп бааласак туптуура болот. Ал келишимди Бакиевдин президенттик мезгилинде өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Акылбек Жапаров даярдаганы белгилүү. Тажрыйбалуу тоо-кен адиси Базарбай Мамбетовго ишенсек, 2009-жылдагы келишимдин автору Акылбек Жапаровдун аракети менен «Центерра» компаниясы негизги салыктардан бошотулуп, өлкөнүн бюджети ошондон бери жылына 260 миллион доллардан куржалак калып келген.

Менимче, Мамбетов өз эсептөөлөрүндө алтындын бир унциясы 90- жылдардагы 400 доллардан 2007-жылдан кийин 2000-3000 долларга көтөрүлгөнүн эске алса керек. Ошентип, бир адамдын өзүмбилемдигинин айынан өлкө бюджети 2010-2020-жылдары 2 миллиард 600 миллион доллар салыктан кол жууп калды. Образдуу айтсак, «балыктар тобу» сурак беришип, абакка отурушуп, ал эми «кит» океанда ээн-эркин сүзүп жүрөт.

- Бул чыккынчылыкты оңдоого эч аракет көрүлбөдүбү?

- Көрүлгөн. Эске салсак, 2012-жылы Кумтөрдөгү бул жагдайды ачыктап, аны оңдойбуз дешип Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовдор «мамлекеттик төңкөрүш жасашмак» деп камалып кетишпедиби! Ал эми Алмазбек Атамбаев президент кезинде чыккынчылык дагы кайталанып, «Давыдов» жана «Лысый» мөңгүлөрүн бузууга уруксат берилип, алар жок кылынды. Кыргызстандын жаратылышына орду толгус зыян келтирилди.

- Демек, Садыр Жапаров бийликке келип, Кумтөр көйгөйүн чечип жатканы туура экен да?

- Ооба. Бул иш президент жасап жаткан иштердин эң көрүнүктүүсү. Эгерде Кумтөрдүн маселеси түбү биздин жеңиш менен аяктаса, анда элибиз чоң утушка ээ болот.

- Аскар Акаевге «Кумтөрдөн жеп-ичкен, компанияда акциясы бар» деп айтылып келген айыптардын чындыгы такталдыбы?

- Журт бузарлар, бекерпоздор, жандүйнөсү ыплас адамдар Аскар Акаев боюнча эмне деген гана ушактарды чыгарышпады?! Алгач «Кумтөрдөн 1993-жылы 1,5 тонна алтын уурдаган» деп ушак таратышкан. Ушакчылар Кумтөр кени 1993-жылы эмес, 1997-жылы биринчи продукция өндүргөнүн да эстеп коюшпады. Аныгында, ал 1,5 тонна алтын Макмал кенинен казылган, 1993-жылы улуттук валютабызды жашыруун чыгаруу үчүн алгач Швейцарияга жөнөтүлүп, ал жерден аффинаждан өтүп, андан соң Лондондогу компанияга акы катары төлөнгөнү ачыкталды.

Ушакчылар шерменде болушту. Атамбаев президент кезинде, 2012-жылы анын өкмөтү «Акаевдин Кумтөрдөн ичип-жегенин таап бергиле» деп израилдик «Мушкат» деген жеке компанияны жалдаган. Анын агенттери бир жыл шимшилешип, эч нерсе табышпай, кыргыз өкмөтүнөн алган очойгон акчасын акташ үчүн соңунда «Акаев Кумтөрдөн 55,6 миллион доллар котортуп алган болуш керек деген божомолубуз бар» деп корутунду жазып беришкен. Алардын «божомолун» биздин айрым шылуундар «факт!» дешип чуу салып жүрүшпөдүбү.

Дагы бир чындыкты айта кетейин. Атамбаевдин бийлиги 2016-жылы Аскар Акаевдин студенттик досу, ал эми 1998-жылдан кийин элдешкис касы Дастан Сарыгуловду «бийликти күч менен басып алмак» деген жалаа менен камап, соттогону жалпыга маалым. Абактан бошогондо, 2019-жылы, анын гезитке берген маегиндеги сөзү: «Акаев Кумтөрдөн пара алган» деп жазып берсеңиз, эркиндикке чыгасыз. Бул президенттин түз буйругу» деп айтышкан («Жаңы Ордо», 1-февраль, 2019-ж.). Комментарийдин кереги жок го?!

- Соңку суроо. Аскар Акаевди мекенинде кандай кабыл алышты?

- Көптү көргөн акылман кыргыз элибизде тунгуч президент Аскар Акаевдин кадыр-баркы зор экенине биз, тарапташтары, өзүбүз күбө болдук. Өлкөгө эмгеги сиңген, интеллект көрөңгөсү жогору инсандар Акаевге жолугушуп, телефон чалышып, абдан жылуу сөздөрүн айтышып, урмат-сый көрсөтүп жатышты.

Акаевди капыстан көрүп калышкан жарандар саламдашып, эстеликке сүрөткө түшүп жатышканы бизди толкундатып салды. Ал эми бирин-экин ыплас адамдар соцтармакка күчүн чыгарышып, Акаевди далилсиз каралашып, элибиз таамай айткандай, «ооздоруна ак ит кирип, кайра кара ит чыгып», өздөрүнө өздөрү баатыр болушканы күлкү гана келерлик көрүнүш.

Булак: Азия News гезити

Последние новости