www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити.

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: "Алмазбек Атамбаев түрмөдөн сабак албаптыр"

- УКМКнын СИЗОсунда күн өткөрүп жаткан мурдагы президент кеңири убакыттан пайдаланып, өткөн-кеткен окуяларды терең талдап, керектүү жыйынтыктарды чыгарат го деген үмүт бар эле. Бирок, тилекке каршы, Атамбаев эч өзгөрбөптүр. Кой-Таш кайгылуу окуясынан кийин Ирина Карамушкина баш болуп кирип чыгышкан тарапкерлери анын эрки майышпаганын, көңүлү көтөрүңкү экенин коомчулукка жар салышкан. Сыртта ок жеп каза болгон спецназдын кызматкеринин үй-бүлө, туугандары кан жутуп, апасы "кыргыз элинде экинчи Атамбаевдей адам туулбасын!"- деп каргап жатса, аны менен иши жок, Атамбаевдин көңүлү "көтөрүнкү" экен. Карамушкина баштаган аялдар тобу экинчи жолу, өткөн айда, дагы кирип чыгып: "Атамбаев спорт менен машыгып жатат" деп коомчулукка "сүйүнчүлөштү". Өмүр жана кызмат жолунда миңдеген ирет ойлобой балп эткенди мыкты өздөштүргөн Атамбаев эми жакында коомчулуктун эсин дагы оодарды. Ал "бардык жазага мен өзүм даярмын, бийлик менин тарапташтарымды камактан чыгарсын"- деген талабын койду. Бул талап "көңүлү көтөрүңкү" же "спорт менен машыгуу" темасында эмес. Бул талап -Атамбаевдин мыйзамды тебелеп-тепселеп, мамлекеттик маселелерди "өзүм билемдик", мыйзам чегинен тышкары чечип көнгөнүнүн кезектеги далили. Ушул жерден эске сала кетели. Өткөн жылы Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип: "мен мыйзамды карабай эле Өмүрбек Текебаевди каматпай, соттотпой койсом болмок экен"- деген эле. Буга жооп кылып, бир жыл мурда, 24-ноябрда, Элдик Курултайдын жыйынында "легендарлуу" парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов Атамбаевдин ал маектеги сөзүн СССРдин 1937-38 жылдардагы башкы прокурору Вышинскийдин сөзүнө салыштырган. Ал прокурор; "эл душмандарына карата мыйзамды карабай эле бизге керектүү чечимдерди чыгара берсек болот" деген сөзү, ага жараша иши менен тарыхта калган. Мына эми, Атамбаев ошондой көнгөн түшүнүгүнө таянып, "тарапташтарымды камактан бошоткула!"- деп жатат. Ким бошотот? Президент Сооронбай Жээнбековбу? Же спикер Дастан Жумабековбу? Алардын камактагыларды бошотуп салганга укуктары барбы? Тергөөчүлөр жүргүзүп жаткан кылмыш иштери, мамлекеттик жана коомдук комиссиялардын иликтөөлөрү эмне болот? Көрсө, Атамбаевдин түшүнүгүндө Кой-Таш окуясы боюнча мыйзамды аттап-буттап өтүп эле, саясый чечим чыгарып салыш керек экен! Мына, өлкөнү алты жыл башкарган президенттин деңгээли, ой-жүгүртүүсү. Ал түрмөдө жатып эч сабак албаганын өзү коомчулукка таамай тастыктап берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости