www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Браунау-на-Инне шаарындагы Адольф Гитлер туулган үйгө аймактык полиция башкармалыгы жайгашат. Бул тууралуу автриялык маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка караганда, полиция башкармалыгын жайгаштыруу Гитлердин үйүнө улутчулдар дайыма топтолуп, ал жерди зыярат кылып туруучу жерге айландырып алышканы себеп болгон. Имаратка оңчул экстремисттер сүрөттөрүн чаптап салышкан.

Автриянын Ички иштер министри Вольфганг Песчорндун билдиргени боюнча, «үйгө полиция жайгашып турганы бул имарат эч качан улутчул социализмге кызмат кылбасын билдирип турат».

Адольф Гитлер 1889-жылы Австриянын Германия менен чектешкен жеринде туулган. Имаратты улутчулдар бийликке келгенде сатып алышкан. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда үй Гитлер баш болгон улутчулдар үчүн көркөм галерея жана китепкана катары кызмат кылган. Согуштан кийин үй мурунку ээсине кайтарылган. Кийинчерээк имаратка банк жайгашып, көп өтпөй мектепке айланган. 1970-жылдары Австрия өкмөтү үйдү сатып алып, өзгөчө адамдар үчүн атайын борбор кылып пайдаланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости