www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду суракка алып кеткени уулу Арстан Талгарбеков маалым кылды.

Анын сөзүнө караганда, ИИМдин үч кызматкери 11-февралда Бекболот Талгарбековдун үйүнө барып, тинтүү жүргүзгөн. Кайсыл кылмыш ишине байланыштуу сурак берери тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

ИИМ азырынча комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган болчу.

Последние новости