www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда жана айрым маалымат булактарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун каза болгону тууралуу кабарлар кызуу талкууга түштү. Расмий бийлик бул маалыматты ырастай да, төгүндөй да элек. Бийликке жакын айрым өкүлдөр “жалган маалымат тарап жатат” деп билдиришкени менен, президенттин дээрлик эки жумадан бери коомчулукка көрүнбөй жатканы суроолорду күчөттү.
Акыркы расмий сүрөт 28-январь күнү жарыяланган. Ошондон бери мамлекет башчысынын ишмердиги тууралуу маалыматтар токтоду. Айрым булактар анын Кытайдын Хайнань аралына дарыланууга кеткенин жазышууда. Бирок бул маалымат да расмий тастыкталган жок.
Эмомали Рахмон 74 жашта. Ал 1994-жылдан бери өлкөнү башкарып, 30 жылдан ашуун убакытта Тажикстандагы саясий системаны толугу менен өзүнүн башкаруу моделине ылайыкташтырды. Конституциялык өзгөртүүлөр, бийликтин борборлошуусу жана күч түзүмдөрүнүн катуу көзөмөлү анын режимин бекемдеди. Бүгүнкү Тажикстан бир адамдын саясий доору менен тыгыз байланышкан мамлекет катары таанылды.
Эгер Рахмондун каза болгону чын болсо, анда өлкө тарыхый бурулушка кептелет. Конституциялык норма боюнча бийлик убактылуу парламенттин жогорку палатасынын төрагасына өтүшү мүмкүн. Бул кызматты президенттин уулу Рустам Эмомали ээлейт. Ал буга чейин эле саясий мураскер катары каралып келген.
Бирок бийлик транзити кагаздагыдай жөнөкөй болбойт. Тажикстанда реалдуу күч коопсуздук түзүмдөрүнүн колунда десек жарашат. Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов өлкөдөгү эң таасирдүү фигуралардын бири болуп саналат. Саясий байкоочулар дал ушул фигураны бийликтин “эки тизгин бир чылбырын” талаша турган негизги фактор катары баалашат.
Эгер коопсуздук блогу Рустам Эмомалини толук колдосо, бийлик салыштырмалуу тынч өтүшү мүмкүн. Аза күтүү жарыяланып, мамлекеттик ситеманын иши үзгүлтүксүз уланат. Бирок элита ичинде жашыруун тиреш жаралса, кырдаал татаалдашат.
Тажикстандагы бийлик системасы кландык, аймактык жана үй-бүлөлүк байланышка негизделген. Мындай шартта лидердин кетиши жөн гана кызмат алмашуу эмес, саясий-экономикалык таасир аймактарын кайра бөлүштүрүү дегенди билдирет.
Дагы бир кооптуу жагдай, Тажикстан Афганистан менен чектешет. Экономикасы миграцияга көз каранды. Коомдук нааразылык потенциалы толук жоголгон эмес. Бийликтеги белгисиздик чек ара коопсуздугуна, экономикалык туруктуулукка жана ички стабилдүүлүккө түз таасир этет.
Мындай шартта эң ыктымал сценарий маалыматтык көзөмөлдү күчөтүү, коопсуздук режимин катуулатуу жана мураскерди тез арада легитимдештирүү. Борбор Азия тажрыйбасында бийлик транзити көбүнчө “жабык сценарий” менен ишке ашкан.
Арийне, Эмомали Рахмондун саясий аренадан көрүнбөй күдүк жараткан учуру биринчи жолу эмес. Мурда да Рахмон бир нече жума коомчулукка чыкпай калган учурлар болгон. Анда да түрдүү божомолдор айтылып, кийин бийлик расмий түрдө маалыматтарды четке каккан.
Бүгүнкү абал Тажикстан үчүн сыноо. Эгер бул маалымат жалган болсо, анда бийлик жакын арада президенттин катышуусундагы иш-чараларды көрсөтүп, коомдук күдүктү токтотот. Эгер чын болсо, өлкө 30 жылдык доордун жыйынтыгын чыгарып, жаңы саясий этапка кадам таштайт. Азырынча Тажикстанда унчукпай турган тынчтык өкүм сүрүп жатат. Ал тынчтыктын артында эмне бар экени жакынкы күндөрү белгилүү болот.