www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 4–8-февралында Түркиянын Анталия шаарында суу биоресурстарын өстүрүү боюнча 11-илимий-практикалык семинар жана Аквакультура боюнча 1-эл аралык көргөзмө болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын төмөнкү балык чарба субъекттери катышты:
- «Аква Пром» ЖЧКсы;
- «Эфтар Агро Комплекс» ЖЧКсы;
- «Салих и Ко» ЖЧКсы;
- ошондой эле өзүнүн тоют продукциясын сунуштаган BioJem заводу.
Аталган субъекттер көргөзмөдө өз продукцияларын көргөзүштү.
Алардын арасында:
балык жана деңиз азыктары, анын ичинде форель икрасы жана ышталган балык азыктары;
аквакультура үчүн атайын тоюттар;
Алгачкы жолу семинар эл аралык көргөзмө менен биргеликте өткөрүлүп, көптөгөн өлкөлөрдөн катышуучуларды, илимдин, бизнестин, инвесторлордун, мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту
Аквакультура туруктуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун, экономикалык өнүгүүнүн маанилүү факторлорунун бири, ошондой эле жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун багыты катары каралууда.