www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Кыргыз паспортундагы “улут” деген графаны алып салууга сиздин пикириңиз кандай?

-Паспортто улуту жазылышы керек. Анан биздин жарма патриотторду ыраазы кылып уругун, жети атасына чейин кимисинин ата-бабасы манап, бий, баатыр болгонун жазып койсо да ашыктык кылбас эле. Бул албетте, тамаша. Бизде бул маселе чоң талашка түшүп калды. Антип саясий өң-түс алып кеткен маселени көпчүлүктүн пикирине ылайык чечип коюш керек. Анан да биздин паспортто улутубуз жазылып калса эле телегейибиз тегиз, байпагыбыз манат болуп, баарыбыз жабыла кыргыз тилинде сүйлөп, жазып, ушу тапта кыйналып аткан маданиятыбыз илгерилеп кетпейт. Мен деле башында улуттун ордуна кыргызстандык деп жазылышын кааладым эле, бирок кийин бул маселе жарма патриоттордун катуу каршылыгына кабылгандан кийин жок жерден коомдо аяк-башы көрүнбөгөн ойдо жок талаштын чогун үйлөп, дагы бир баш ооруну пайда кылып алгандан көрө улутту жазса жазып деле койсо андан эч нерсе өзгөрбөсүн ойлоп жазса жазып деле койсун деп калдым.

 Баяна Кулова, «Жаңы Ордо»

Последние новости