www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул таптагы парламенттин карапайым калктын жана Ажобуздун алдында дагы анчейин деле аброю жок экендиги айтылып жүрөт эл арасында. Бизге жеткен өздүк булактарга карганда “тил алчаак” парламент тарайт.

Бул тууралуу Урматбек Акунов: “Тарыхта ЖКдин килтейген парламенти эки президентти да сактай алган жок. Бул келген койдон жоош эл өкүлдөрү дагы мамлекет башчыны карышкырларга эле салып бербесе, Атамбаевди колдоп жана коргоп калаар кыйын кадрлары жокко эсе.  Демек, Атамбаев бүгүнкү айткан сөзүнө туруп, “эркекче”  Жогорку Кеңешти таратып салышы керек. Мен мамлекет башчысын бул идеясын колдоймун” , - деген пикирин билдирди.

Эске сала кетсек  бүгүн, 6-мартта Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маданият кызматкерлерине сыйлык тапшыруу аземинде «Депутаттар президентке чейин,  үй-бүлөсүнө чейин казып жатышат. Бакыт Төрөбаев, парламент тарасын деп билдирди. Мен билем, ал өзүнүн мародер агасын колдоп айтып жатат. Бирок мен анын бул айтканын колдойм. Анткени парламент мыйзамдарды чыгарбай эле, ушактарды таратып калды», деп агынан жарылды.

Андан сырткары өлкө башчысы, бир топ аткаминерлердин кыңыр иштерин сөз менен кылтыйткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости