www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бектур мырза, бийликтин акимдер жана орун басарларын аттестациядан еткөрүлүп, орун алмашып иштесин дөген аракети оң жыйынтык берет деп ишенсек болобу?

- Аттестациядан өткөрөбү, орун алмаштырабы, коррупция жоюлмайын бийликтин андай арекетинен анчалык деле майнап чыкпайт. Себеби, тааныш-билиш, «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү, үй-бүлөгө жакын адамдар эптеп айласын таап, аталган кызматтарды аркалай берет. Кыскасы, Садыр Жапаров кол койгон «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» жарлыктан жарытылуу деле жыйынтык чыкпайт деп ойлойм.

- Президенттин «Мекенчил» партиясы шаардык кеңештин шайлоосуна да, парламенттик шайлоого да катышпайт деген чечими таза шайлоо болоорун ырастайбы?

- Президент «Мекенчил» партиясын шайлоого катыштырбай туура кылды. Анткени, «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү андай деле көп эмес болчу. Тагыраагы, ата-журтчулар «Мекенчил» партиясына кирип, парламенттик шайлоодо бир топ добуш алган. Ошентсе да, «бийлик колдо турганда көп добуш алабыз» - деп жан талашпай, шайлоодон четтеп турганы президентгин партиясы жок болуп, шайлоонун адилеттүү өтүшүнө салым кошот деген ойду пайда кылды. Кандай болгон күндө да бийлик бул жагынан туура чечим кабыл алып, «Мекенчил» партиясын шайлоого катыштырышпаганы туура эле болду.

- Эми шайлоо адилеттүү өтөбү?

- Салыштырмалуу болсо да шайлоо эл ишенгендей таза өтүп, адилеттүүлүк орун алышы керек. Андай болбосо бизде стабилдүүлүк болбойт. Нааразычылык күчөй берет.

- Бийлик эл күткөн реформаны ишке ашыра алабы?

- Реформаны ишке ашырабыз деп аракет кылып жатышат. Бирок, жаңы бийликтин келгенине 5 айдын жүзү болду. 5 ай деген жүз элүү күн. Негизи бийлик 100 күндүн ичинде элдин ишенимине ээ болушу керек эле. Ушул жагын эске алганда, бийликтин реформаны ишке ашырабыз деген дымагы болгону менен командасы жок болуп жатат.

- Экс-муфтий Максат ажы: «сабыр кылып тургула. Мен мамлекеттин бүтүндүгү, тынчтыгы учүн эч нерсе айтпай келгем. Эми чындыкты айта турган мезгил келди» дегени ал жактагы алешемдиктердин баары жакында ачыкка чыгат дегенден кабар береби?

- Экс-муфтий көп нерселерди билет. Негизи ажылыктын тегерегинде коррупциялык чоң схемалар бар. Аны муфтий жасабайт. Муфтийге ылайыктуу кишисин коюп алып, бийликтин тегерегандегилер, өзгөчө улуттук коопсуздук кызматы коррупциялык схеманы тейлеп келген. Эгер экс-муфтий ошол чындыкты ачыкка чыгара турган болсо, анда коррупциялык күрөшкө экс-муфтий эбегейсиз салым кошмок. Биз да баарыбыз муфтийди ачыктан ачык, тикеден тике колдомокпуз.

Булак: Майдан.kg

 

Последние новости