www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бийлик элди алдайбыз десе жаңылышат. Мындай пикирди коомдук ишмер, белгилүү саясатчы Дастан Сарыгулов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Жаңы бийлик мурдагыдай система менен өз билгенибизди кылабыз, тар чөйрөдө чечимдерди кабыл ала беребиз, эл ошого көөнт деп ойлоп жатышат. Жок, азыр эл чыдабайт, карап  турбайт, дароо алар чыгып жатышат. Мисалы, Бишкек шаарына мэр шайлаганда эл чогулуп барып, туура пикирлерин айтып, дароо алып салышты. Чек арада маселе жаралганда биригип чыгып, бийликтен маселени чечүүнү талап кылышты. Эл азыр мурдагыдай түшүнүктө жашабайт. Азыр ойлорун ачык айтып, ар бир нерсени талдап туурасын билип калышты.  Калп айткан жетекчилерден тажап калышты, алданбай калышты. Азыркы бийлик элди алдайбыз десе жаңылышат. Демек азыркы бийлик түшүнүүсү зарыл, себеби эл койгон талаптарды аткарып, ошолор менен иштебесе эл чыдабайт. Андыктан башкаруу системасы туура болушу керек. Эң өнүккөн өлкөлөрдү көрүп жатабыз. 21-кылымда чийелешип калган көйгөйлөр чечилиши абзел. Азыр саясий абал коопту. Азыркы бийлик качанкыга чейин иштейт, бул белгисиз. Андыктан эл менен эсептешип, кеңешип иш кылбаса аягы жаман болот”, - дейт Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости