www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирияга кетип, мекенине кайта албай жаткан кыргызстандык аялдардын жана алардын балдарынын маселеси 24-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Эрмамат Тагаев мамлекеттен жардам сураган кайрылуулар уланып жатканын, эки жыл мурда бул боюнча өкмөткө жөнөткөн расмий катынан жыйынтык чыкпай келатканын айтты:

«Мен 2019-жылы да кайрылгам. Казакстан, коңшу мамлекеттер өз жарандарын Сириядан алып келген. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын бир жараны алынып келинген жок. 2020-жылы алып келебиз деген сөзүн берген. Мына, 2021-жыл келип жатат, эч кандай жылыш жок».

Бүгүнкү жыйында Кыргызстан менен Сириянын ортосунда соттолгон жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү боюнча эл аралык келишим жок экени маалым болду.

Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип баргандар экенин 16-февралда диний радикализмди алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фондунун адиси Юлия Денисенко билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости