www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралия бийлиги жана Facebook ЖМКларды жаңылыктарды жарыялагандыгы үчүн акча төлөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун карап чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазган маалыматта айтылат.

Буга чейин "Facebook" компаниясы Австралиянын бардык медиа басылмаларына жаңылыктарды фейсбук аркылуу бөлүшүүгө бөгөт койгон. Бийлик бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макул болгон. Мындан кийин Facebook Австралияда жаңылыктар контентинин жайылышына коюлган чектөөлөрдү алып салууну чечти.

Келишим Австралиянын каржы министри Жош Фрейденберг менен Фейсбуктун башкы директору Марк Цукербергдин дем алыш күндөрүндөгү сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынган. Анда Фейсбук компаниясы Австралия бийлигинин чечимине канааттангандыгын билдирген.

Эске салсак, Facebook өткөн жумада Австралиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүн жаап салган. Штаттын өкмөттүк жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин бир нече эсептери дагы жаңылыштык менен бөгөттөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости