www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин ЖКдагы өкүлү депутаттарды эмнеге какты?

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда Президенттин ЖКдагы өкүлү депутаттарды катуу какты.

«Акыркы мезгилде кармалгандардын бардыгы жана баш коргоо чарасы мыйзамдуу», - президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал айрым эл өкүлдөрүнүн, атап айтканда Дастан Бекешевдин ИИМдин экс-орун басары Курсан Асановду үй камагына бошотуу, жана депутат Карамушкинанын Фарид Ниязов жана Абдил Сегизбаев тууралуу айткан сөздөрүнө жооп берип жатып билдирген.

Ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин өкүлүн депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүнө комментарий бербөөнү суранды.

«Мен комментарий берген жокмум, жооп берип жатам. Сиз антип бузбаңыз мени», – деди Анарбек Калматов.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү бийликти жана укук коргоо органдарын саясий куугунтукка айыпсыз айыптап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости