www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенпигинин башчысы Кокочаров Урматбек Курманбекович деген кыйын чыкма бар. Жэлаң майлуу-сүттүү «желинди» соруп келе жаткан эргул.

Мына ушул Көкөчаров аталган тармакты «Атасынан калган мурастай» өз менчигине басып алгандыгы коомчулукка ачыкталууда. Анын оң колу катары ушу тапта аталган тармакка тиешелүү Турак жай жарандык курулуш департаментинин директору болуп жаңы гана бекиген, мурда болсо аталган департаментте орунбасар директор болуп олтурган Жумабай Каримжанов болгон аракетин үрөп жатыптыр.

Кеп маңызы мында, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы У.Кокочаров аталган тармакка тиешелүү Турак жай жарандык курулуш департаментинин директорунун мурдагы орун басары, ушу тапта директору болуп алган Жумабай КАРИМЖАНОВ аркылуу бир топ иштерди бажарган экен. КОКОЧАРОВ менен КАРИМЖАНОВ мектептерди, оорукана, социалдык турак жайларды куруу, аларды оңдоп-түзөө, деги койчу кыбыраганы асманды чапчыган акча болгон тармакты тейлеп, аны каалаганындай калчалагандыгын ушундан билиниз, кылмыштарын жабыш үчүн абдан эле бийик «крыша» көздөшүптүр. Максаттарын ишке ашырыш үчүн бул эки эргулдун «махабаты» ашынып кетип, өткөн жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясын колдоп, кол алдындагы ар бир район, облус, шаар жетекчилерин эзил, кызылдай эле «салык» чогултулганы тууралуу да кеңири кептер бар,

Бул Кочокаров менен Каримжанов эч кандай убалдан коркпойт экен. Булардын башкы максаты акча окшойт. Анткени, ар кыл шылтоолор менен жакында эле өздөрүнүн тармагынан эки адамды күнөөсүз жерден каматканы да таң калыштуу. Бул боюнча атайын журналистикалык иликтөөлөр алдыда орун алат. Ал эми демократия ураанын чакырган.

Кыргызстанда ага караманча каршы чыгып, өлкөнү сазга тыгып, түптүү авторитаризмди кургусу келген, жана ага көмөктөшкөн, аны орнотуу үчүн түзүлгөн «Биримдик» партиясынын «спонсорлору» болгон курулушчулар Кочокаров менен Каримжанов качан акыйкаттуу өз баасын алышат? Же качанкы карышкырлар калчык менен учур бийлигинин оозуна «упчу» салып коюп олтура беришеби? Же буларга окшогон алдым жуттумдарга карапайым элдин жонуна минип туруп бийликке келген Садыр Жапаров үндөбөйбү? Чара көрбөйбү? Анда эл өзү чара көрүшү керек! Мезгил бышып жетүүдө...

Айтмакчы Жумабай Каримжановдун жубайы Көлдөн болгондуктан мурда деле ар бийликке алкынды самындай болуп «илибой» жерине кирип кетүүгө каныккан КАРИМЖАНОВ ушу тапта өзүн «президенттин жездесимин» деп тааныштырып, кайын-журтчулук жактан жиптин учун чубап, дагы деле бийликке жетип, майкөл-сүткөл кызматка олтуруп алганы эмнени каңкуулайт? Же Каримжановго окшогон «самозванецтер» бул бийликке да зарылбы? Дегеле, түптүү коррупционерлердин катарын толуктай турган Кочокаров, Каримжанов дегендерге окшо-гондор бул бийлик тушунда да тайраңдай беришеби? Элдин чыдамы чегине жетти. Мындайлар менен табакташ боло берсе Садыр Жапаров элдик ишенимден айрылып калат. Муну сезе билүү керек!

Булак: Майдан.kg

Последние новости