www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Бектур Асанов Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо Атамбаевдин тарапташтырынын колуна өтүп кетишине жол бербеш керек экендигин билдирди.

--Учурда социалдык тармактарда элдер атайын кызматтардын куралын эл тартып алды деп тарады. Мындай болбошу керек. Саясый кырдаалды токтотуш зарыл. Албетте бүгүн түнү менен Алмазбек Атамбаевди кармап, камашы керек. Болбосо бийликтин кадыры өтө төмөн түшүп кетет. Болбосо таң атпай чоң өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн, - деди Бектур Асанов.

Белгилей кетсек УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында атайын күч кызматкерлери жай тургундарга ок атышканы тууралуу сөздөр Андан сырткары чагымчыл, жалган маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертти.

Ага кошумча атайын даярдыктагы күч кызматкерлери желим ок колдонгонун, ал эми үй жактан аскердик ок атылганын кайрадан билдирди.

Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу үч жолу күбө катары суракка чакырган. Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости