www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Ташта кырдаал курчуду. Укук коргоо кызматкерлери аз санда. Элдин саны укук коргоо органдарынан басымдуулук кылат.  Түз эфирди алып бара жаткан Мелис Аспеков милиция кызматкеринин башына таш тийип жарадар болгону көрсөттү. Ага кошумча укук коргоо органдары элдер менен карама-каршылыкка барбоого аракет кылып жаткандыгын маалымдады. Тасмадан элдердин кызуу кандуулукка алдырып жаткандыгын көрүүгө болот.  

Белгилей кетсек УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында атайын күч кызматкерлери жай тургундарга ок атышканы тууралуу сөздөр Андан сырткары чагымчыл, жалган маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертти.

Ага кошумча атайын даярдыктагы күч кызматкерлери желим ок колдонгонун, ал эми үй жактан аскердик ок атылганын кайрадан билдирди.

Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу үч жолу күбө катары суракка чакырган. Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости