www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсиңиздерге салсак кече жакында эле Назира Айтбекованын эркектер жөнүндө айткан сөздөрү коомчулукта кызуу талкууга алынган. Анын айткандарына жооп кылып Бекжан Шыгаев деген окурманыбыз NazarNews.kg агенттигине Назира Айтбекованын айткандарына жооп кылып бизге төмөнкү пикирин жөнөткөн. Толугу менен, эч өзгөрүүсүз Бекжан Шыгаевдин пикирин жарыя кылабыз.

"Фейсбукту эркектерди жамандоо менен коштогон Назира эжекебиздин ой толгоосу, арманы желдей тарады. Эркектердин жазган комментарийлерин, эркектердин сиз жазган өксүккө кубаттап баскан лайктары үчүн түшүндүрмө бере кетүүнү туура көрдүм.

Бул жерде Назира эжекебизге теңелүү эмес башкаларга да сабак болсо экен деген изги ойлор десем болот. Эмесе сөз башынан болсун...

"Эркектердин жоопкерчилиги тууралуу, кол көтөргөндүгү, көчүгүнүн кызыкчылыгы үчүн гана ой жүгүртүп жашап калганыбыз тууралуу жазыптырсыз. Назира эже, сиздин жан дүйнөңүздүн жабыркагандыгы пайдубалдан... (Сиздин жашооңуздан кабарым жок, бирок атасыз өскөндөй сезилип турат. Туура эмес баамдасам кечирим сурайм).

Экинчиден, эркекти эркектей түшүнө албай калгандыгыңызда турат... Сиз деле бала кезде чоң апаларыбызды эркектин кийимин аттабаганын, эркектер топтошуп турган жол менен өтпөгөнүн, күйөөсүн акырая тиктебегенин көрүп калсаңыз керек. Жашоодогу эң негизги нерсени барктабасаңыз жашоодон бакыт таппайсыз. Алар ушуну түшүнүшүп эркектер боз үйдү тегерете чачынан сүйрөп сабаса да эки саат ыйлап кайра күйөөсүн "Баатырым менин!" деп жашап кете беришкен. Эркектердин сизге порно жөнөтүп жаткандыгынын себебин айтайын, жеңил тил менен айтканда желиниңиздин үрпүн байкатып суу жээктеп түшкөн сүрөтүңүз себеп болуп жатса керек. Эркек деле келесоо эмес, ыймандуу, ийбаа кылып жашаган кызга эч качан порно жөнөтпөйт. Көмүрканада жүрсөңүз көө жугат, ал эми атыр саткан жерге барсаңыз атыр жыттана баштайсыз дегендей. Эртеңки күнү "Кой, мен оңолушум керек экен" деп, жоолук салынып, намаз окуп баштасаңыз телефонуңузга аалымдардын баяны келе баштаарына шегим жок.

Үчүнчүдөн, балаңызды эркек кылып тарбиялоо тууралуу кыстарма коштуңуз. Мен сизге 100% кепилдик менен айта албасам да 70% менен айтайын атасыз эркек баары бир кемтиги менен чоңоёт. Арстанды адамдар тарбиялагандыгы үчүн эмес ай талаадагы жапайычылыгы айбаттуу кылат. Ар бир нерсенин жашоо мыйзамы анан тарбияты болот. Сиздеги аялдык тарбия эркекке сиңип, эркектин "Эй!" деп айткан тарбиясы бош бойдон кала берет. Жакшысы жарашып же уулуңуз чоңоё электе жакшы эркекти жандап үй бүлө очогун кайрадан тутанткан жакшы. Дегеле ажырашуу жакшы эмес. Кемчиликсиз адам болбогондон кийин кечиришип жашай бергенден өтөөрү жок. Учурда болбогон себептен ажырашкандар толтура. Баарына эркектер күнөөлүү экенин мен деле толук моюнга алам. Ажырашкан эркектердин жүзүн көрүп эле алсыздыгын көрүүгө болот. Кудай эркекти таасирленип аялды ээрчиш үчүн эмес, аялдын ой боюна койбой жетелеп жашаш үчүн жараткан.

Жаза берсем сөз түгөнчүдөй эмес, анын үстүнө бир карыш ой толгону окуган адамдар деле азайып баратат...

Кыскасы шайтанга үстөмдүк кылдырбай өмүр сүрө берели. Эң негизгиси үй бүлөлөр ажырашпасын! Ажырашуу көбөйгөнү эркектердин алсызданып баратканы. Сизге сиз бажырап арманыңызды айткандан кийин "Туура айтасың, берекем!" деп бекем кысып кучактап уктап калган күйөө керек. Бейшенбек Бекешов агайыбыз айтмакчы "Эрден кийин сый жок" дейт, жакшысы жарашуунун аракетин көрүңүз. Сизге үй бүлөлүк бакыт каалайм. Болду..."

Назира Айтбекованын эркектерге айткан макаласы төмөнкү шилтемеде: http://www.nazarnews.kg/news/30408

Бекжан Шыгаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости