www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рамис Заякиров кечээ Ак үйдүн алдына түкүргөнү аз келгенсип, мурда дипломун да өрттөгөн. 

Бир чети анын кылганы туура. Анткени өлкөдө жумуш жок. Баары менчик болуп кеткен. Ал эми менчиктер өзүнүн тааныш-туугандарын эле жумушка алат. Мына ошондуктан бул адам ушундай кадамга барып жатат.  Кыргызстан боюнча жумушу жоктордун саны 70 миң, бул расмий гана маалымат. Ал эми канчасы тентип, ар кайсы мамлекеттерде жумуш издеп сагаалап жүрөт. Башка мамлекеттер биздин дипломду карабайт дагы, тааныбайт. Чоңдор болсо балдарын чет мамлекеттерге окутушат. алар эмнеге өз өлкөсүнөн окутушпайт, анткени биздин дипломдор жана билимдердин эч кимге кереги жок. Дипломдор сандыкта жатып, чычкан да жемей болду...Кыргыздардын балдары менен кыздары чет жактарды "гастарбайтер" болуп эптеп үй-бүлөөсүн багып жүрүшөт. Канчасы каза болуп, кайра Жүк-200 менен өлкөсүнө "өлүк" болуп келүүдө.

Бирок, экинчи жагынан алганда, беш жыл убакыт кетирип, окуп, ата-эненин, өзүңдүн тапкан акчаңды өрттөп салган Рамис кийин өкүнүп калбаса эле болду.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости