www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнес-акыйкатчы институтун – ишкер субъектилеринин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, Бизнес-акыйкатчы ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоо боюнча иш алып барат. Анын өз катчылыгы болот жана алар ишкерлердин кайрылууларын жана даттанууларын карайт. Бизнес-акыйкатчы жана анын катчылыгы мамлекеттик орган болуп саналбайт.

Бизнес-акыйкатчынын кызмат ордун каалаган жаран (анын ичинде чет элдик жаран) ээлей алат жана кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол эле учурда бир эле адам бул кызматта эки мөөнөттөн ашык иштей албайт.

Өкмөт бул институттун ишмердигин каржылоо өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен ишке ашырылаарын кабарлап, бирок качан дайындалаарын белгилеген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости