www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рейтер агенттиги кабарлагандай, кытай борборунда кол салуудан жараат алган окуучулардын баары ооруканага жеткирилген. Башталгыч класстын жыйырма окуучусунун үчөө оор жарадар болгон. Кол салган адам полиция тарабынан кармалган.

Жергиликтүү бийлик жана полиция окуянын чоо-жайын айта элек. Социалдык сайттардагы маалыматтарга караганда, мектеп окуучуларынын көбү бычактан жеген.

Өкмөттүк “Синьхуа” агенттиги дарыгерлерге таянуу менен алардын өмүрүнө коркунуч жоктугун маалымдады.

Кытайда балдарга каршы кыянатчыл кылмыштар сейрек кездешкен көрүнүш.

Белгилей кетсек, былтыр июнда Шанхайда бычакчан адам жергиликтүү мектептердин бирине кол салганда, эки окуучунун өмүрү кыйылып, бирөө жараат алган. Ага чейин апрель айында, Шэньси провинциясында бычак көтөргөн адам жети окуучуну мерт кылган.

Эске салсак, былтыркы жылдын январь айында Кытайдын түштүгүндөгү кол салуудан он эки мектеп окуучусунун каза тапкан. Аларга кол салган адам жакында өлүм жазасына тартылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости