www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы митинг социалдык тармакта талкууга алынды. Активист Бекжан Шыгаев казакстандыктарга төмөнкүчө пикирин айтты.

--Шүгүр дегиле, казак туугандар! Силердин бийлик бир казакты тентиткен жок. Анча-мынча кымбатчылык силерде эле эмес, дүйнөдө болуп жатат. Революциядан жыргасак мына биз жыргамакпыз. Ар бир президентти кубалаган сайын артка кеттик. Кымбатчылыктын үстүндө гана келе жатабыз. Революция оюнчук эмес. Эл гана жапа чегет. Чоңдордун мүшөктөп акчасын көтөрүп баса берет. Алардын ордуна шилекейи балдан таттуу куу шүмшүк гана келет. Ли Куан Ю же Мухамад Махадхир сыяктуу лидер келиши үчүн элдин да деңгээли ошого жетиши керек. Биз азыр кагаз карабай үч сүйлөм окуган адамды "ушул мыкты экен" же көк бөрүдөн мыкты улак эңген адамды, күрөштөн уткан адамды көрүп канааттанып атабыз. Себеби бизге духту көтөрө турган бирөө керек болуп атат. Революциядан сырткы күчтөр гана утат. Себеби аларга өздөрүнө ылайыктуу адам керек. Казак туугандар, ойлонгула! Бизден сабак алгыла, - дейт Шыгаев.

Эске сала кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү соңку нааразылыктар боюнча эки жолу видео кайрылуу жасап, жарандарды сабырдуулукка чакырды.

Касым-Жомарт Токаев “башка социалдык-экономикалык мүнөздөгү талаптар келерки күнү борбордо өтчү кеңешмеде караларын” кабарлап, “калк ичиндеги туруктуулукту сактоо максатында өкмөт Мангыстау облусунда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатууну айтты.

2-январдан бери Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция башталып, митинг Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да уланган. Акциянын катышуучулары бийлик газдын баасын арзандатканы менен өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды коюшту.

Бүгүн, 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев Алматыга өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Шаарда да коменданттык саат киргизилгенин Акорданын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен KAZ.NUR.KZ билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости