www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү журналист Эрнис Кыязов Казакстанда болуп жаткан окуя тууралуу пикирин төмөнкүчө билдирди.
... биз басып өткөн этаптарды баурлар али жыттай элек...-деп чалкалап-кайкалаганыбыз туура эмес. Биздеги бийликти оодарып түшмөй төңкөрүштөрдүн баарынын өзөгүндө “оңололу, өсөлү-өнөлү” деген элдик таза, аруу үмүт болгону менен; 90-жылдары эл ойгоно электе СССРден калган мүлктөрдү сатчусун сатып, уурдачусун уурдап, жымырчусун жымырып бутка туруп “баюуга” үлгүргөн 200-300дөй байлардын саясый үйүрү бир саясый режимден экинчисине улам “жаңы партия”, “жаңы жүз”, “жаңы депутат” болумуш этип кубулганга маш болуп бүтүштү. Алар “жаңы жүздөрдү” “жаңы”, “таза” партиялардын астына сүрөт кылып бетке кармап, бирок акыры келип парламентте “погода түзүп” берчү күчтөр баягы эле тили кыска, байлыгында илинчеги бар, жат десе жатып, тур десе туруп берчү эски үйүрдүн баягы эле тилалчаак эски бөрүлөрү бойдон калууда... Бийликтин арыгын тымызын чаап берчү жасалма партиялар “биз бийликтики эмеспиз, биз өзүбүзчө эле чогулуп түзүлгөн эркин партиябыз” деп мурунку бийликтердин тушунда да каратып туруп алдашып, анан сессияларда “өйдө жак” каалагандай кнопке басып берип турушканы да чын. Бул акыры барып эмнеге алып келет? Бийлик балансынын бузулушуна, бир эле кишинин үй бүлөсүнө, досуна, жакындарына сыйынууга, ошолор аркылуу маселе чечүүгө, кыскасы бир кишинин драконго айланып кетүүсүнө шарт түзөт. Бир гана ымдоосу, баш ийкөөсү менен бүт маселени тез жана бат чечүүнүн борборуна айланган президент С. Жапаровго “сиз айсыз! сиз күнсүз! сиздики эң туура!” деген акылдар, кеңештер, одалар азыр ачык да, туюк да жамгырдай жаап жатканы турган иш... Андыктан, кошуналардын төөсүнүн көзүндөгү “авторитаризмди” сөөмөй кезей көрсөтүп менменсинүүгө, мыскылдай күлүүгө бизге али эртелик кылат..., дейт Эрнис Кыязов.
Эске сала кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү соңку нааразылыктар боюнча эки жолу видео кайрылуу жасап, жарандарды сабырдуулукка чакырды.
Касым-Жомарт Токаев “башка социалдык-экономикалык мүнөздөгү талаптар келерки күнү борбордо өтчү кеңешмеде караларын” кабарлап, “калк ичиндеги туруктуулукту сактоо максатында өкмөт Мангыстау облусунда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатууну айтты.
2-январдан бери Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция башталып, митинг Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да уланган. Акциянын катышуучулары бийлик газдын баасын арзандатканы менен өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды коюшту.
Бүгүн, 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев Алматыга өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Шаарда да коменданттык саат киргизилгенин Акорданын басма сөз кызматы билдирди.
Булак: NazarNews.kg