www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалайбек Базарбаев италиялык "Film Service Srl" киностудиясынын документалдык тасмаларды тартуу боюнча режиссёру М.Джанни менен жолукту.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушууда Джанни үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин көмөгү жана Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү фондунун президенти А.Шерниязовдун жеке колдоосу менен Кыргызстанга уюштурулган сапары тууралуу айтып берди.

Ал иш сапары учурунда "Film Service Srl" киностудиясы тарабынан тартылган Кыргызстандын маданий мурасы, жашоо-турмушу, каада-салты жана үрп-адаттары тууралуу тартылган даректүү тасманы монтаждоонун үстүндө иштеп жатканын билдирди. "Быйыл бул тасма италиялык көрөрмандарды Кыргызстандын туристтик потенциалы менен тааныштыруу максатында италиялык алдыңкы коомдук телерадиокомпаниясы "RAI" тарабынан көрсөтүлөт", - деди режиссер.

Элчи Базарбаев түзүлгөн кызматташтыкты жана бул долбоорду ишке ашырууну канааттануу менен белгилеп, мындан ары да жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости