www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан кландык башкаруудан кутулбайбы?

Биздин өлкөдө ким чоң кызматты ээлеп, даражасы көтөрүлүп эл бийлей баштаса болду, ошонун бир туугандары, жакын санаалаш жоро жолдоштору акылдуу, билимдүү болуп чыга келишет.

Карасаң эле майлуу-сүттүү кызматты мыкчып отуруп калган болот. Буга чейин кайда жүрүштү эле деп таң каласың. Же бул көрүнүштөр бизде чындап таанышың болбосо, кызматка жетпей турганыңдын далилиби?

Айтор, кыргыз кландык башкарууну жакшы көрөт окшойт. Мына айталы, Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин бир тууганы Бакытбек Сыдыгалиев Базар-Коргон районунун прокурору болуп дайындалды. Бали!

Буга окшогон окуялар көп. Бийликтин жогорку сересиндеги аткаминерлердин жакындарынын көбү кайсы бир жерде чоң.

Эске сала кетчү нерсе, мындай көрүнүш Кыргызстан Эгемендүүлүктү алгандан бери кайталанып келет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости