www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Касым-Жомарт Токаев Жо Байден жана Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары менен Нью-Йорктогу жолугушуусунда америкалык лидерди өзөктүү куралсыз Борбор Азия протоколун ратификациялоого чакырды.
Бул протоколду ратификациялаган мамлекеттер Борбор Азияны өзөктүк курал менен коркутпоого жана колдонбоого милдеттендирилет.
"Мындай кадам аймактын өзөктүк куралсыз статусун түзүүгө багытталган процестти соңуна чыгарып, өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык аракеттердин майнабы болмокчу", — деди Токаев.
Борбор Азия Түндүк жарым шардагы өзөктүк арсенал жайгаштырууга тыюу салынган жалгыз регион болуп саналат.
Документти буга чейин Кытай, Россия, Франция жана Улуу Британия ратификациялаган. АКШ бул кадамга барбай койгон жападан жалгыз өзөктүк держава. Анда протоколго кол коюлганы менен ратификациядан өткөн эмес.
Булак: NazarNews.kg