www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык соту атасынын жашы жете элек кызына карата бузуку аракеттери боюнча мамлекеттик айыптоонун актоо өкүмүнө карата даттануусун кароону аяктады. Процесс жабык эшик артында өттү.
Соттолуучу кылмыштын курамы жок болгондуктан күнөөлүү эмес деп табылган биринчи инстанциянын чечими күчүндө калтырылды.
Ал ортодо жактоочу жана прокуратура актоо өкүмдөрүн жокко чыгаруу талабы менен Жогорку сотко кассациялык арыз жолдоду.
Жыйын 3-октябрга белгиленген. Буга чейинкиси кылмыш ишине тиешеси бар адам менен жактоочу келбегендиктен жокко чыгарылган.
Эске салсак, аталган окуя 2022-жылы кыздын апасы тарабынан жергиликтүү маалымат каражаттарына маалымдалган. Ал кыздын өз атасы төрт ай бою ыплас иш-аракеттерди жасап жүргөнүн айткан. Кылмыш жасаган учурда жабырлануучу 15 жашта болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (Жашы жете элек кызга ыплас-иш-аракеттерди жасоо) менен кылмаш иши козголуп, айыпталган жарандын иши боюнча сотко өткөн.
Экспертизанын жыйынтыгында, жашы жете элек кызга карата ыплас-иш-аракеттер жасалганы тастыкталган.
Булак: NazarNews.kg