www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте коомдук транспорттогу жол киренин акысын көтөрүү керек, бирок ал канчага көтөрүлөрү азырынча белгисиз. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге билдирди.

Абдыкадыров Бишкекке 100 млн долларга жаңы автобустар алынып жатканын айтып, аларды карап, оңдоп туруу үчүн акча керек экенин, болбосо автобустар 5-10 жылда бузулса, кайра бюджеттен акча табууга мүмкүн болбой турганын айтты. Мындан улам киреше түшүп туруусу үчүн жол кирени көтөрүү маселеси турганын белгиледи.

"Коңшу мамлекет, шаарлардагы жакшы нерселер менен салыштырабыз, бул (баа — ред.) жагына келгенде салыштыргыбыз келбейт. Биз бааны Алматы, Ташкенттей жогору кылбайбыз. Андан ылдый болот. Ылайыктуу вариант кылып коомдук талкууга чыгарганбыз. Эми аны шаардык кеңеш карайт. Бааны карашыбыз керек, карабасак болбойт", — дейт.

Анын айтымында, жол киренин өлчөмүн белгилөөдө элдин оюу эске алынат.

"Бааны көтөрүүгө каршы болгондор да, макул болгондор да бар. Ошон үчүн коомдук талкуу кылып жататыбыз. Элдин оюн сөзсүз угуш керек. Элдин ою эсепке алынат", — деди ал.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости