www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай менен Сирия стратегиялык өнөктөштүк түзөрүн жарыялашты. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Сириянын президенти Башар Асад менен болгон жолугушууда билдирди.
«Бүгүн биз биргелешип стратегиялык өнөктөштүктүн түзүлгөнүн жарыялайбыз, бул эки өлкөнүн мамилелеринин тарыхында маанилүү учур болот», - деди Кытай лидери.
Ал Пекин Дамаск менен достук кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи.
«Туруксуздукка жана белгисиздикке толгон эл аралык кырдаалда Кытай Сирия менен кызматташууну улантууга, бири-бирин бекем колдоого, достук кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эл аралык адилеттүүлүктү биргелешип коргоого даяр», - деп белгилейт Си Цзиньпин.
Бейшемби күнү Асад Кытай Эл Республикасынын төрагасынын чакыруусу менен анын бул өлкөгө визити башталган Ханчжоу шаарына келди. Буга чейин Кытайдын борбордук телеканалы Сириянын президенти Ханчжоудагы 19-Азия оюндарынын ачылыш аземине катыша турганын билдирген.
Кытай Сирия кризиси башталган 2011-жылдан бери Асад барган алтынчы өлкө болду. Ал буга чейин Орусия, Иран, БАЭ, Оман жана Сауд Аравияга иш сапары менен барган.
Булак: NazarNews.kg