www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр ичимде эмоциялар кайнап турган учуру! Мындай билдирүүнүн кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Фейсбуктагы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Мага ишенгендерге рахмат. Бул жолу дагы оор болду, бирок сиздердин чексиз колдооңуздар мага ар дайым алдыга умтулууга күч берип келет. Жеңиш биздин жалпы жетишкендигибиз жана аны сиздер менен бөлүшө алганыма сыймыктанам. Айпери жана Мээримге эртерээк жакшы болуп кетишин каалайм! Силер мыктысыңар Ал эми грек-рим күрөшү боюнча курама командага ийгилик каалайм!”-деп балбан кыз билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткан.

Финалда Тыныбекова япониялык балбан Сакура Мотоки менен кез келип, атаандашын 4:1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону аталды.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова карьерасында үчүнчү ирет Дүйнө чемпиондугунда алтын байгенин ээси болду.

Возможно, это изображение 5 человек и текст

Нет описания фото.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости