www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, 22-сентябрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

22-сентябрда жана 23-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10° күндүз 12…17°;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6° күндүз 11…16°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°; күндүз 15…20°;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°; күндүз 9…14°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 9…14°.

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 4…9°, бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектериндеги райондордо суунун деңгээли көтөрүлүшү жана сел жүрүшү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости