www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бензин баасы акырындап жогорулашы мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт, бирок акырындап жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү май рыногунда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги үч механизм менен иш алып барат.

“Биринчи механизм, аталган рынокто иштегендер менен жолугушуу өткөрүү. Экинчи, талдоо жүргүзүлөт: башка мамлекетте абал кандай, өз наркы жана ташуу наркы тууралуу. Үчүнчү, баа кескин көтөрүлүп кеткенде рычагдарды пайдаланабыз. Ал кандай рычаг? Эскертмелер берилет, ал аткарылбаса, айып каралат. Бир жума мурунку жолугушууда күйүүчү майдын баасын кескин көтөрбөө боюнча тийиштүү талаптар коюлду”, - дейт ал.

Тайлаков өткөн айга салыштырмалуу бензиндин баасы кескин көтөрүлбөгөнүн кошумчалады.

“Буга чейин Казакстанда дизелдик отун бизге караганда 10-15 сомго ылдай болсо, азыр тескерисинче, 5-6 сомго жогору. Кыргызстанда дизелдик отун орточо 55 сом (1 литр), Казакстанда 58, Өзбекстанда 76, Россияда 62 сомдун тегерегинде бааланууда”, - деди ал.

Монополияга каршы агенттигинин директору Чаткал районунда Бишкекке караганда күйүүчү майга болгон баа 7-10 сомго чейин айырма бар экенин жана жерине эксперттик топ жөнөп кеткенин маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости