www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда ундун биринчи сортунун баасы бир килограммы үчүн 35-36 сом, ал өткөн айга салыштырмалуу баа туруктуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.
“Учурда ундун биринчи сортунун баасы бир килограммы үчүн 35-36 сом, ал өткөн айга салыштырмалуу баа туруктуу. Себеби ун багытындагы ассоциациялар, Экономика министрлиги жана Айыл чарба министрлиги болуп келишим түзгөнбүз. Ал жерде бааларды көтөрбөй туруктуу каралган. Азыр сырттан алып келгенде салык төлөөдөн бошотулган. Ал эми бөлкө нан 47-48 сом, кумшекер бир кг — 68, өсүмдүк майы — 155, эттин бир кг — 470-480 сомдун тегереги. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жума сайын бааларга мониторинг жүргүзүп келүүдө. Баалар туруктуу бойдон калууда”, - дейт ал.
Тайлаков жасалма баа көтөрүү боюнча жыл башынан бери 292 учур катталганын белгиледи.
“Алардын ичинен 56 учурунда айып пул салынды. Калган учурда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпы ушул багытта иштеген 1 миң 967 субъект менен жолугушуу өткөрдүк”, - деди аталган агенттиктин директору.
Булак: NazarNews.kg