www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Берлиндеги эки аэропорттун кызматкерлеринин иш таштоосу 13-марттагы 660 аба каттамынын үзгүлтүккө учурашына алып келди. Иш таштоо шейшемби күнү кечке чейин уланат деп күтүлүп жатат.

"Берлиндеги Шёнефельд аэропортунда 195 каттам, Тегель аэропортундагы 465 каттам өзгөртүлдү",-деди журналисттерге берген маалыматында аэропорттун сурап-билүү кызматынын өкүлү.

Соңку апталарда Берлиндеги аэропорттордун кызматкерлери бир нче ирет иш таштоого барышкан. Жума күнү ушундай эле кырдаалдан улам 700гө чукул каттамдар учпай калды.

Иш таштоонун негизги себеби эмгек акысына байланыштуу деп айтылып жатат. Кесиптик кошуундар аэропорттогу жүргүнчүлөрдүн агымын көзөмөлдөгөн кызматкерлердин жана жүк жүктөп иштегендердин айлыгын көтөрүүнү талап кылууда. Берлин аэропортторунда мындай кзыматкерлердин саны эки миңге чамалайт.

Алар айлыкты саатына 12 еврого көтөрүүнү талап кылып жатат. Азыр аларга саатына 11 евродон төлөнөт экен.

Булак: "bbc.com"

Последние новости