www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириялык балдар

БУУнун Балдарга жардам фонду (UNICEF) Сирияда 2016 -  жылы эң көп бала каза болгондугун,  өткөн жылы 652 баланын каза болгондугун билдирди.

UNICEF жарыялаган акыркы отчетко караганда өткөн жылы Сирияда балдар «окшошу болбогон» күчкө жана эреже бузууларга дуушар болду. Отчетто 255 баланын мектепте каза болгондугу белгиленип, араларында 7 жаштагы балдар да болгон 850дөн ашуун баланын согушууга, жан кечтилик кол салуучу болууга мажбурлангандыгы белгиленди.

UNICEF Жакынкы Чыгыш жана түндүк Африканын катчысы Жюльет Тоума отчетко  байланыштуу берген маалыматында Сириядагы балдардын абалынын абдан начар экендигин жана балдардын жардын кырына кептелгендигин айтты.

Сирияда ооруканаларга жана саламаттык сактоо кызматкерлерине карата эң аз 338 кол салуу жасалгандыгы белгиленген отчетто бомба, ок же жарылуулардан кутулган балдардын алдына алууга боло турган  оорулары дарыланбагандыктан үнсүз көз жумгандыгына көңүл бурулду. Отчетто  курчоо астындагы жашаган 280 миң, барылуусу кыйын болгон аймактарда болсо 2, 8 миллион балага гуманитардык жардам жеткириле албагандыгы белгиленди. Отчетко караганда мектептердин үчтөн бир бөлүгү кулаган, баш калкалоочу жер же аскердик максатта колдонулган Сирияда 2 миллион бала мектепке бара албай жатат.

Сирияда жарандык согуш башталган 2011 -  жылдан бери 6 миллион бала гуманитардык жардамдар менен жашап жатат. 2, 3 миллиондон ашуун бала Түркия, Ливан, Иордания, Египет жана Иракта качкын катары жашап жатат.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости