www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЮНИСЕФ: Сириядагы балдар күн сайын өлүм коркунучу алдында турушат. БУУнун соңку баяндамасында Сириядагы куралдуу жаңжалдашуудан набыт кеткен балдардын саны 2016-жылы рекорддук чекке жеткени көрсөтүлдү.

ЮНИСЕФ уюмунун маалыматы боюнча, өткөн жылы Сирияда 650 бала каза тапкан. Дагы жүздөгөн бала дары-дармектин жана медициналык жардамдын жетишсиздигинен улам айыктырууга мүмкүн болгон илдеттерден көз жумду деп айтылат баяндамада.

Бул баяндама Сириядагы куралдуу жаңжалдын алты жылдыгынын алдында жасалып олтурат.

Бир апта мурун Save The Children эл аралык кайрымдуулук уюму Сириядагы балдар “уулуу стрессти” башынан өткөрүп жатканын, бул таасир кийинчерээк, балдар чоңойгондо олуттуу психикалык ооруларга алып келиши мүмкүндүгүн айткан болчу.

ЮНИСЕФтин маалыматына таянсак, өткөн жылы кеминде 851 жаш бала куралдуу топтордун катарында туруп, согуштук аракеттерге тартылууга мажбур болгон. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп дегенди билдирет.

Булак: "bbc.com"

Последние новости