www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирак армиясынын Мусулду террордук уюм  ДЕАШтан тазалоо үчүн баштаган операциянын негизинде кыска убакыт мурда кайра алынган Бадуш абагынын жакындарында 500гө жакын кишинин сөөгү көмүлгөн мазар табылды.

Бадуш айылы Мусулдан 15 километр түндүк батышында. 500гө жакын кишинин сөөгү табылганы белгиленген мазардагы сөөктөрдүн террордук уюм ДЕАШ мүчөлөрү өлтүргөн жарандарга таандык экендиги билдирилди. Бирок  маалымат азырынча көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек.

Ирак армиясы шаршемби күнү Бадуш абагын алган болчу. Бирок армиядан берилген маалыматта абакта террордук уюм ДЕАШ абакка түшүргөн  кишинин бар же жок экендиги белгилене алган эмес.

Террордук уюм ДЕАШтын 2014 -  жылы абакты колго алгандан кийин 600гө жакын кылмышкерди өлтүргөндүгү  белгиленген, бул айтылгандар да борбору Нью – Йорк болгон Адам укуктарын изилдөө уюму даярдаган отчетто орун алган. Ошол эле учурда Ирактын Мусул шаарын террордук уюм ДЕАШтан тазалоо үчүн 17 -  октябрда Ирак армиясы баштаган, АКШнын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү колдогон операция улантылууда.

Операцияга пешмерге күчтөрү жана көпчүлүгүн Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктырган Нинова маджахиттери да колдоо берүүдө.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости