www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн 7 акесин эстедим... Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Карач аке жана Кыдыр аке... Хандык тактысы же тебетейи болбосо дагы өз кезегинде бир гана көл өрөөнүнө эмес бүтүндөй кыргыз журтуна, коңшу казактарга керек болсо орустарга чейин таасири күч залкар инсандар болгонун баарыбыз билебиз. Карап отурсак адамдын ысымы дагы жөн жерден коюлбаса керек... Аттын дагы энергиясы, кандайдыр бир сыйкырдуу күчү бардай таасир калтырат. Өзүнүн бетке айткан мүнөзү, эр жүрөктүүлүгү, калыстыгы, тунук акылмандыгы менен кыргыз жергесиндеги Шабдан баатыр, Байтик баатырлардан бери ызаат кылган залкар инсан болгон экен Садыр акебиз. Өз кезегинде Байтик баатырды да коргоп калган жайы бар экен. Айта берсек Садыр акенин эли үчүн кылган жакшылыгы, кыргыз жеринин бүтүндүгүн сактоого кошкон салымы өтө чоң экен. Аллахым бейишин берсин!!!
Мына Садыр акебиз каза болгон күндөн баштап эсептесек 112 жылдын жүзү болуптур. Кыргыздын: "Шердин каны жүз жылда бир жаңырат",- деген жакшы ырым сөзү бар эмеспи. Мына ошол доор, ошол заман келгендей болуп калды. Азыр кыргыз элине дагы бир САДЫР АКЕ керек болуп турат. Азыркы тил, азыркы стандарт менен атасак ПРЕЗИДЕНТ керек болуп турат. Карап көрсөм жери дагы, каны даны, акылы дагы, аты дагы айтор көп жагы төп келген инсан Садыр Жапаров агабыз экен. Эң башкысы Садыр Жапаровду Кыргызстандын жана дүйнөнүн ар бир бурчунда колдогон кыргыздар, жигердүү жаштар көп экенин үч-төрт жылдан бери жаттап деле калдык окшойт. 
Мен бүгүнтөн баштап САДЫР ЖАПАРОВДУ "КЫРГЫЗСТАНДЫН БЕШИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИ" деп атап, Садыр Жапаров үчүн келе жаткан Президенттик шайлоодо кызмат кылууга даярмын! Эч кандай чыр-чатактын кереги жок деп ойлойм. Алмазбек АТАМБАЕВ өз мөөнөтүн бүтүрүп кетет. Бир гана проблема бар. Ал болсо - ЭЛДИН ӨЗҮ! Эл акчага сатылбаса эле, урук-урууга бөлүнбөсө эле, өздөрүн ак көз башканы көк көз көрбөсө эле Садыр Жапаров Президент болуп шайланат деп ишенем. Бар болуңуз САДЫР ага! Биз сизди күтөбүз!!! Жаңылануу заманы келди...

Асейин Саралаевдин Фейсбук баракчасынан алынды;

Булак: NazarNews.kg

Последние новости