www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакшы саамалык. Суйунуп жатам. Японияга Карганбек Самаков жоноткон он боз-уй жетиптир. Кудай буйруса Японияда "Кыргыз "Манас" айылы" ачылат. Бир соз менен айтканда оной болушу мумкун. Бирок тумон туйшуктуу бул иш Карганбек аганын мыкты дипломаттык асыл сапатынын узуру. Бул кылымдык иш деп айтаар элем. Японияда Манас айылы, Манас атанын урпактары учун чон сыймык. Бул иш тарыхта калат. Муну эч ким очуро албас. Сизге алкыш!!! 
Бабаларыбыз билген экен эмне утурумдук, эмнелер туболуктуу экенин. Бул онутто жигердуу иш жасадыныз. Ачылышында Мамлекет башчыбыз барып кыргыз туусун сайып келсе кандай сонун болоор эле деген изги тилегим.
Эми тарыхка кайрылсак, Манас бабабыздын ысмы Индия, Непал, Тибет, Кытай, Кавказ, Алтай, Орто Азияда кенен кездешет. Созум куру болбос учун катарынан айтайын. 
1). Непалда бийиктиги 8128 м Манаслу деген чоку бар.
2). Индияда узундугу 500км Манас дарыясы агат. Аянты 50мин га. Манас коругу бар.
3). Тибетте 4557м бийиктикте Манас колу бар, аянты500 чарчы км.
4). Батыш Кытайда 402 км Манас дарыясы агып, Манас колуно куят.
5). Кавказ тоолорунда Манас дарыясы агып, Каспий денизине куят. Анын жээгинде Манаскент деген шаар, Манас курорту бар.
6). Озбекстанда узундугу 300км Манас каналы бар.
7). Алтайда Манас колу бар, 2331м бийиктикте, Манастоо деген чоку бар, 2038м бийиктиги ж.б.
Жетинин бири кыдыр деп жетоосун мисал келтирдим. Мындай тизмеге Кудай буйруса Японияда "КЫРГЫЗ "МАНАС" АЙЫЛЫ" да кошулуп калат. Ал жерде Манас айтылып, улуттук баалуулуктарыбыз даназаланып турат. Жакшылыкты кудай кут кылсын! - деген пикирин белгилүү Манасчы Замирбек Баялиев Фейсбук баракчасынан жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости